Templates by BIGtheme NET

Жемкорлордун айынан эки майып кызы менен батирден батирге көчкөн эне

Мамлекеттик жөнөкөй кызматта иштеген кызматкерлерибиз да  жемкорлукка айланышты. Ушундай, кудайдан коркпогон адамдардын айынан канча деген адамдардын көз жашы төгүлүп, сай-сөөгү сыздап, кудай биздин үнүбүздү качан угат деп боздогондор арабызда арбын. Коомубузда майып адамдардын да ырыскысын ыраа көрбөгөн, адам деп айтууга ооз барбаган, айбандар да бар экен.

 

Буга чейин Ошто мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн салынган үйдөгү батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзам бузган эки адам кармалгандыгы тууралуу fakt.kg жазып чыккан. Макала жарык көргөндөн кийин fakt.kgге кезекте туруп үйгө жетпей калган майып жарандардын жакын адамдары  кайрылды.

Алардын бири бир тууганына жаны күйгөн Кыздаркан Шамшиева, сиңдиси мамлекет тараптан бериле турган, үйгө кезекте туруп жетпей калганына ичи ачышат.

“Сиңдим Уулкан Шамшиева 1-топтогу майып, Ош шаарында 1993-жылдан бери каттоодо турат.2010-жылы турак жай алуу үчүн, керектүү документтерди топтоп, Ош шаарынын мэриясына тапшырганбыз. Бир нече жолу Ош шаардык турак жай бөлүштүрүү бөлүмүнө жана мэрге кайрылганбыз. Бирок ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык болгон жок. Азыркы учурда сиңдим батирде жашайт, алган пенсиясы 5000 сом, аны толугу менен батирине төгөт. Тамак аш, дары-дармектерине бир туугандар жардам берип турабыз. Бир кызы бар. Ал сырттан окуу бөлүмүндө окуйт, бош болуп калганда иштей коёт, көбүнчө апасын карап жанында”- дейт эжеси.

Андан кийинки каарманыбыз Нуркыз Сайвалиеванын эгиз кыздары жарык дүйнөгө келгенде эле 1-топтогу майып болуп төрөлүшкөн. Жашоо шартын айтып көз жашын төгүп отурган энени көрүп жүрөгүн сыгылат.

“Эгиз кыздарымды 2007-жылы төрөгөм. Азыр 11 жашка чыгышты. Эки кызым тең баса албайт, өз алдынча отурууга мүмкүн эмес, тамакты өздөрү жей албайт. Кыздарыма качантан бери үй ала албай жүрөм. Мэрияга кезекке турганыма 10 жылдан ашты. Электрондук кезекке турганыма 3 жылдан ашып баратат. Жогорудагы майыптар үчүн деген батирден, аласыңар деген да кагаз келген. Анан кандайдыр бир себептерден улам ал үйдөн ала албай калдым. Мэрияга кайрылганымда 20019-жылы аласыңар деп койду. Балдарың майып болсо батирден батирге көчүп консоң өтө кыйын болот экен”- дейт эгиз кыздардын апасы.

Окшош материалдар:  Милиция кызматкери 18 жаштагы жарандын өлүмүнө шектелип кармалды

Ош шарынын мэриясынын токтому менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн  2017-жылы “Анар” кичирайонунан 66 батир бөлүштүрүлгөн. Аталган батирлер боюнча териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө, 8 жарандын башка турак жайы жоктугун аныктаган документ жасалма экендиги, 32 жаран Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар районунда жана Бишкек шаарында жашагандары аныкталган. Ошондой эле, 3-топтогу 9 жаран үйдү мыйзамсыз алгандыгы  белгилүү болгон. Мыйзамсыз иштерге барган кызматкердин үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн канчалаган турак жайлар мамлекет тарабынан салынып берилет. Бирок, бул сыяктуу окуядан кийин чынында эле майып жарандарыбыз үйлөрдү алып жатышабы  деген  да күмөндүү суроо туулбай койбойт экен. Өкмөт ар бир облустагы майыптар үчүн салынып жаткан үйлөрдүн бөлүштүрүү иштерин кылдаттык менен карап, көңүл бурушса жакшы болмок. А болбосо өз билемдик болуп жатат.

Эскерте кетсек, Оштогу майыптар үйүн бөлүштүрүүдөгү мыйзамсыз иштер боюнча, эки шектүү адам кармалгандыгы тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. 2-октябрда алар атайын кызматтын Оштогу тергөө абагына камалган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу” жана “Кызматтык жасалмалоо” деген беренелеринин негизинде айып коюлду.

Буга чейин да Ош облустук прокуратурасы бул боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармалган эки адам Ош шаардык мэриясынын турак жай-тиричилик комиссиясынын (ТЖК) мүчөлөрү.

Fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful