Templates by BIGtheme NET

Бек борбиев: “Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган посттору психика жактан адекваттуу эмес”

Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин Кылыч Султан Корея өлкөсүнөн баш паанек сураганын билдиргенин жарыялаган.  Эл арасында баш паанек боюнча ар кандай ойлор айтылып жатат.  Кылыч Султанга Бек Борбиев өз пикирин соцтармактагы баракчасы аркылуу билдириптир.

“Башка мамлекеттен саясий башпаанек алыш үчүн, өлкөңдөгү бийлик менен аёсуз күрөшкөн оппозиционер болушун керек. Кантип чындык үчүн күрөшкөн оппозиционер болуп көрүнөм деп, бирөө жакындан бери «шоу» көрсөтүп атат)).. Кылыч Султан деген азаматыбыз, Садыр Жапаровдун түрмөдө отурганын кечээ билип, анын эркиндикке чыгуусун дароо талап кылды. Клоун болбосоң коё кал)) Атамбаев Садырды камап атканда неге унчукпай турдуң, түрмөдө бычактап чала жан кылып койгондо неге бир сөз айткан жоксуң..? Өзүн айтпасаң да, гезитин аркылуу бир сөз айтып койсоң, азыркы кылып аткан «цирк» окшошот беле дейм да))
Атамбаевдин кадр саясаты канчалык «оорулуу» болгонун, ушул окуя далилдеди. Кылыч Султандын акыркы сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери, жазган посттору психика жактан адекваттуу эмес, аябай эле өнүккөн (отклонениясы) бар адам экени даана байкалып турат. Эл аралык деңгээлде Кыргызстанды уят кылды. Көп сөз айтканда не, баарын көрүп турасыздар
Оорулуу бийликтин заманы өттү деген жакшы тилектер менен жашай берели достор.
Ал эми Кылыч, канча жылдан бери Малайзияга акчаларын алып чыгып, чыкыйтып бизнестерин куруп даярдап коюптур, баары бир кетмек экен. Бир гана ал жактын жарандыгы керек болчу тура. Ошол жарандык үчүн кылган шоуларын ийгиликтүү аяктап, ой максатыңа жетип ал!
P. S. Кылыч, бул жактагы «шефиңди» дагы чакырып алсаң, өлкө тазара түшөт эле..” -деп өз пикирин калтырган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Коррупция менен күрөшкөн Анара Мамбеталиева кайрадан кызматка келди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful