Templates by BIGtheme NET

Депутат орто кылымдарга таандык тарыхый-маданий мурас объекттерин кыдырды

12-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин” мүчөсү, депутат Аида Касымалиева Чүй облусунда жайгашкан орто кылымдарга таандык  тарыхый-маданий мурас объекттерин кыдырып, көчмө жыйын өткөрдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаева жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты.  Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка айыл өкмөтүндөгү Невакет музей борборунун, Чүй районундагы Ак-Бешим(Суяб) тарыхый шаарчасынын абалы менен таанышты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарыхый жайлар жайгашкан аймактарды корукка алууда кыйынчылыктар жаралып жатканын айтышты. Себеби ал жерлер үлүш жер катары жеке менчикке өтүп кеткендигине байланыштуу ал жерлерди корукка алууда, казуу жана изилдөө иштерин жүргүзүүдө үлүш ээлери менен пикир келишпестик жаралып жатканын билдиришти.
Тарыхый жайларды сактоо боюнча мыйзам долбоорлоруна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү учур талабы экенин айткан депутат Аида Касымалиева: “Тарыхый-маданий мурас объекттери тууралуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, бул жайлардын коргоого алышыбыз керек. Себеби, мыйзамдарда карама каршылыктар жаралгандыгына байланыштуу менчик ээлери менен жергиликтүү бийлик жана тарыхый жайларды изилдөөчүлөр ортосунда пикир келишпестик жаралууда. Ошондуктан маселени жеринен карап, жергиликтүү органдардын пикирин угуп, кайсы мыйзамга кандай өзгөртүү керек экенин талкууладык”,деди.
Эске сала кетсек аталган тарыхый жайлар Юнесконун тизмесине кирип, коргоого алынган. Депутат айым мындай жайларды оңдоп түзөөдөн өткөрүп чет элдик туристтерди тартуу керек экенин айтты.

fakt.kg

Окшош материалдар:  “Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда, экономиканын анык өсүшү 2,4 %ды түздү

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful