Templates by BIGtheme NET

Депутат:“Кыргызстан акылсыздык жана келесоолугу үчүн акча төлөй элек”

Эл өкүлү Акылбек Жапаров “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Кыргызстандын тышкы карызын талкуулоо учурунда “Жалкоолук жана шалакылыктын айынан,  Кыргызстандын банктык эсебине бөлүнгөн карыз акчаны өз убагында албагандыгы үчүн Кыргызстан  айып пул төлөгөн”- деди депутат.

Депутат насыя каражаттарына айып санкцияларын төлөө экономика министринин кызматкерлеринин жалкоолугунан жана жоопкерсиздигинен кабар берээрин айтты.

Кыргызстандын Кытайдагы “Эксим” банкындагы насыяны жайгара албагандыгы үчүн эле, комиссия үчүн 4 миллион АКШ долларын төлөдү.

“Бул каражаттарга төрт мектеп, “Курманжан Датка” тасмасындай төрт тасма тартса болот болчу.   Кыргызстан ар кандай кырдаалдарда акча төкчү. Бирок акылсыздык, келесоолук үчүн акча төлөй элек болчу”- дейт эл өкүлү.

Мындан тышкары 637 миллион тышкы карызы бурмаланган.

Каржы министри  Адылбек  Касымалиевдин, айтымына караганда бурмалоо техника иштен чыкканына байланыштуу.

“Бул боюнча биздин төрт кызматкер катуу жаза алышкан. А эми орун басарым  Мирлан  Байгончоковду кызматтан бошотуу боюнча премьер-министрге жолдомо бергенбиз”- дейт Адылбек Касымалиев.

Окшош материалдар:  Кыргызстанда инвестициянын көпчүлүк бөлүгү курулушка салынган

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful