Templates by BIGtheme NET

Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран табылды (Фото)

 Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран табылды. Бул тууралуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал Ош шаарынын тургуну Алымбек Абдыкалыков экени белгилүү болду.

Кызматкерлер менен жолукканда Абдыкалыков 2014-жылы Москвадан келе жатып Алматыда жашаган досуна кезиккенин, анын үйүнөн ак илбирстин терисин көрүп калып сүрөткө түшүп калганын айтты.

Мекенге кайтып келген соң сүрөттү социалдык тармакка жүктөп койгондугун кошумчалады. Агенттиктин кызматкерлерине бул кылган иши үчүн өкүнүп жаткандыгын айтып, башка мындай нерсе кайталанбастыгын айтып убада берди.

Эскерте кетсек, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине ак илбирсти жамынып сүрөткө түшкөн адамга чара көрүү боюнча кайрылуу түшкөн. Бул сүрөт социалдык тармактарга жайылып, колдонуучулардын сынына кабылган болчу.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Бишкекте айдоочу жол кайгуул кызматкерин муунткан (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful