Templates by BIGtheme NET

Талантбек Акматов: “24 милиция кызматкери катышкан 59 кылмыш иши козголгон”

Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы өзүнүн катарларын тазалоо боюнча иш жүргүзүп, милициянын беделин түшүргөн кызматкерлерден арылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчысы Талантбек Акматов билдирди.

“Ички иштер органдарынын катарларын кызматтын кызыкчылыктарын саткан, коомдун алдында милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузган, пара алган, мыйзамсыз иш-аракеттери менен орду толтурулгус зыян келтирген адамдардан тазалоого багытталган иш уланууда. Эч ким жазадан кача албайт”, – деди Акматов.

Ошондой эле, жыл башынан бери ИИМден 109 кызматкер жумуштан айдалган. 104 кызматкер ээлеген кызматынан төмөнүрөөк кызматка которулган, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 1 миң 399 кызматкер жазаланган. 24 милиция кызматкери катышкан 59 кылмыш иши козголгон. Анын төртөө пара алуу боюнча, каракчылык боюнча ишке 3 милиция кызматкери катышкан. Бир кылмыш иши баңгизаты менен мыйзамсыз соода кылганга шектелген милиция кызматкерине карата козголгонун билдирди.

fakt.kg

Окшош материалдар:  «Шопурдун» тагдырын Айбек Эрнис уулу чечип жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful