Templates by BIGtheme NET

Дача-Судагы каргашалуу окуяга бийлик көз жумуп койдубу?

Кечээ Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев өткөн жылы январь айында Дача-Су айылында болгон каргашалуу иш боюнча кеп козгоду.

Депутат УКМКнын орун басарына кайрылып,  “Бул иш боюнча текшерилбеген маалыматтар өтө көп. Ар кандай ушактар жүрүп жатат. Элдин айтымында окуя болгондон кийин ӨКМнын кызматкерлерин 1саат 40 мүнөткө чейин коё беришкен эмес. Мындан тышкары учактагы жүк кимге тиешелүү экендиги  туурасында ар кандай пикирлер айтылып жатат. Айтылып жаткан ушактар боюнча териштирүү иштери жүрүп жатабы? Кандайдыр бир жыйынтык чыгабы?” – деди.

УКМКнын орун басары бул боюнча анын эч кандай маалыматы жок экенин билдирди.

Дача-Судагы каргашалуу окуя кыргыз элинин башына түшкөн чоң жоготуу болгон, жалпысынан 39 киши набыт болуп, алардын 4 экипаж мүчөлөрү, 35 жергиликтүү жашоочулар болгон. Ал эми 15 адам жарадар болгон.

Бул окуянын болгонуна бир жарым жылдын жүзү боло да дагы деле жыйынтык жок. Андан бери бийлик да, президент да алмашты. Экс-президент Алмазбек Атамбаев бул иштин аягына чыгууга кызыкдар эмес болгон окшойт убагында. Анткени,  УКМКнын орун басары бул боюнча маалыматым жок деп так секирип жатканына караганда. Эл унуткус окуяны, териштирип аягына чейин  чыкпай отургандары бул кандай? Чынында эле учактагы жүк кимдики? Ошол адамды таап эртерээк жазасын өз колуна берсеңер жакшы болмок. Бирок, бул нерсе эч качан болбой калды окшойт.  Себеби, биз буйрук бермейинче иш жасай албайбыз да, мындай системага көнүп калбадыкпы.

fаkt.kg

 

Окшош материалдар:  Пара менен кармалган министрдин орун басары коррупция менен күрөшүп жүргөн

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful