Templates by BIGtheme NET

Ошто атасы көчөгө көп чыккан кызынын бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон

Ушул жылдын 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу жарандар тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгына билдирилген. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматты тактоо боюнча барган ыкчам-тергѳѳ тобу чындыгынла эле 2009-жылы туулган кыздын бир бутунда кулпу менен бекитилген чынжырдын бар экенин кѳрүшкѳн, жана окуяны тактоо үчүн тергѳѳ кызматына алып келишкен.
Кыздын кѳрсѳтмѳсүнѳ караганда аны атасы шоктонгондугу үчүн эки бутун чынжыр менен тушап, байлап койгон. Ал эми атасы болсо кызынын ѳзгѳчѳ шоктугу жана кѳчѳгѳ кѳп чыга бергендиги үчүн биринчи ирет эле коркутуп коюу максатында ушундай ишке баргандыгын айтты.
Алгачкы тергѳѳнүн жүрүшүндѳ маалым болгондой, кыз тушалган боюнча сыртка чыгып кеткен. Бир бутунданы чынжыр болт менен бекитилгендиктен анны оңой эле чыгарып алган, ал эми, экинчи бутундагы чынжыр кулпулангандыктан чыгара албастан жүргѳн.
Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 161-беренеси(Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо) менен кылмыш иши козголду .Учурда ар тараптуу тликтѳѳ, тергѳѳ иштери улантылууда. Аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат беребиз.

 

fakt.kg

Окшош материалдар:  Москвада жумушу жок кыргызтандык келин 1,5 жашар кызын Кыргызстанга алып келе албай жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful