Templates by BIGtheme NET

Мэр Азиз Суракматов менен журналист Канышай Мамыркулованын жолугушуусу жылуу маанайда өттү

Кыргыз тили үчүн күйүп бышып жүргөн журналист Канышай Мамыркулова мамлекеттик тилге укуктук жактан, мыйзам тараптан шалаакы мамиле болуп жаткандыгына каршы чыгып бир канча убактан бери күрөшүп келе жатканы белгилүү.

На данном изображении может находиться: 2 человека, в том числе Канышай Мамыркулова, люди сидят и в помещении

Бүгүн, Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов журналист Канышай Мамыркулова менен жолугушуу уюштурду. Жолугушуу кандай жагдайда өткөндүгү тууралуу Канышай Мамыркулова fakt.kgге айтып берди:

“Мэр менен болгон жолугушуу жылуу маанайда өттү. Тактоо иретинде айтсам Азиз Эмилбекович баарлашуу учурунда толук кыргыз тилинде  баарлашты. Маектешүү учурунда эне тилдин саясий да, укуктук да жагдайларын талкууладык. Бишкек шаарынын мэри менен бири-бирибизди туура түшүнүштүк. Жеке өзүмдүн таарынычым же ич көптүлүгүм жана аткарып жаткан иши боюнча да маселем жок. Болгону БШКнын так эмес чыккан чечиминен улам, ушундай жагдай жаралып жатат. Эртең бул маселе Ата Мекен фракциясынын жыйынында  каралат. Мэр аталган фракциянын кароосунан кийин чыккан чечимге жараша көрөлү деди. Ал эми кыргызтестен өтүү боюнча, өтпөйм деп так кесе айткан жок. Бирок өтүүгө даярдыгы жакшы экени байкалып турат”- дейт Мамыркулова.

 

Ошондой эле, жолугушуунун соңунда мэр Канышай Мамыркуловага Ч.Айтматовдун чыгармаларынын жыйнагын белекке берди.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев аталган маселе боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди: “Канышайды мэрдин чакырганын, себеби “ушул кишинин көйгөйү эмнеде? Эмне үчүн ушундай бир көйгөй жаралды ? Ушуну бир угайынчы”-  деди. Анан бүгүн жолугушууда, Канышай Мамыркулова кеп мына мындай мыйзамдарда болуп жатат деп, маектешүүдө айтты. Ошондой эле, мага эмне себептен мэрди  сынактан өткөрбөй жатасыз деп, күнөөлөп  жатышат. Аппараттын жетекчиси катары мыйзамдары гана сакташым керек”- дейт Түлөбаев.

Канышай Мамыркулова Бишкек шаардык райондор аралык сотко доо арызын таштагандыгы тууралуу жазганбыз. Журналисттен доо арыздын жыйынтыгы кандай болгондугу тууралуу сураганыбызда, сот доо арызды кароодон баш тартыптыр.

Окшош материалдар:  Владимир Путинден белек үмүт эткен кыргыз аткаминери

Эскерте кетсек, Журналисттин сотко кайрылуусуна 31-июлда Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер Азиз Суракматовдун кыргыз тил боюнча берген сынагынын жыйынтыгында, орой каталарга карабастан  “канаттандырарлык”- деп сынактан өткөрүп жиберишкендиги себеп болгон. Ал мамлекеттик тил боюнча комиссия мыйзамсыз иштеп жатат деп билдирген.

Мындан тышкары, Канышай Мамыркулова Азиз Суракматовдун сынагын кайра өткөргүлө деген өтүнүчү менен БШКга кайрылганда. Алар мэрге сынакты кайра тапшыруу боюнча сунуш катары айтышкан.  Бул боюнча Суракматов сунушту кабыл алып, сынакты кайра тапшырган эмес.

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful