Базар-Коргондо элдин көзүнчө 19 жаштагы жигитти өлтүргөн жаранга сот өкүм чыгарды

Жалал-Абад облусунда караштуу Базар-Коргон районундагы  автобекетте 19 жаштагы жигитти бычактап өлтүргөн жарган 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу райондук сотун токтомунда айтылат.

Эскерте кетсек,  2018-жылдын 7-майында болжол менен саат 9.30да автобекетте 19 жаштагы жана 24 жаштагы Арстанбап айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Алар маршруттук каттамды күтүп турушуп жаңжалдаша кетишкен. 24 жаштагы адам мас абалында болгон, жаңжалдын аягында 19 жаштагы адамга бычак сайып салган. Ал алган жаракатынан улам ошол жерде каза болгон. Бычак сайган адам тергөөдө базарга соода кылганы келип, бычакты да ошол жерден сатып алып үйүнө алып бара жатканын айткан.

Соттолуучу КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз