Templates by BIGtheme NET

Эл өкүлү элдин үнүн бийликке жеткирем деп камалды

Тогуз-Торо районунун тургундарын “Джи Эл Макмал Девелопинг” компаниясынын  уруксаты жок салынып жаткан мүлкүн өрттөп жиберишкенден кийин, атайын кызыктар тарап ал окуяны башка нукка буруп  жаткандай. Болбосо, ошол өкмөттүк комиссия менен чогу жүргөн эл өкүлү Тогуз-Торо районунун Атай айылынын Айылдык Кеңешинин төрагасы Улан Шерипов бүгүнкү күндө камалып олтурат.

Эскерте кетсек,  20-апрелде УКМК «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКсына алтын бөлүп алуу фабрикасын курууга уруксат берүүдөгү мыйзам ченемдерин бузуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. «Жи Эл Макмал Девелопинг» фабриканы 2017-жылы кура баштаганы маалым болгон.

Бул жерде карапайым эл өзүнүн жерине мыйзамсыз курулуш иштерин куруп жаткан кампанияга каршылык көргөзүп жатышса, анан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (“Ээнбаштык”) жана 174-беренеси (“Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу”) менен кылмыш ишин козгоп, катардагы жарандарды камап олтурушат. Эмне үчүн мыйзамсыз бирөөнүн жерине курулуш иштерин баштаган адамдарга кылмыш ишин ачып, тиешелүү адамдарды камашпайт. Бийлик, карапайым адамдардын тагдыры менен ойногондорун токтотсо жакшы болмок. Алтын десе эле  акылынан адашып калышат.

Ал жердеги тургундардын кандай провокацияга алдырганын  ошол кезде “fakt.kgге” Тогуз-Торо районунун Атай айылынын Айылдык Кеңешинин төрагасы Улан Шерипов элдин колунда эч кандай бензин жана кесилген дөңгөлөктөр болгон эместигин видео тасмалар тастыктап турганын, ал жерде атайын керосин менен дөңгөлөктөрдү кесип, мээлейлерди атайын керосинге  малып кызыктар тарап даярдап коюшканын билдирген эле.

Ал эми, Атай айылынын Айылдык Кеңешинин депутаты Замирбек Ташматов төрагасы Улан Шерипов боюнча өз пикирин билдирди.

 “Улан Шерипов өзү комбинаттын курулушуна каршы болуп өкмөткө чейин келип, тиешелүү министрликтин, агенттиктин орун басарларын элдин алдына ээрчитип барган. Өкмөт мүчөлөрү менен барган кезде, элдер митингге чыгышкан болчу. Улан “мыйзамсыз митингге чыкпагыла, биз мыйзамдуу талап кылабыз” деп элдин алдында айтса, элдер Уланды кытайларга сатылып кеттиң деп жаман көрүшкөн. Ал жерде мен деле бар болчумун. Улан элге “комиссиянын мүчөлөрү менен чогу сүйлөшөбүз, мыйзамдын негизинде” дегенде эл тараптан таштар ыргыган. Бул нерсени провокаторлор атайын кылып жатышпайбы. Карабайсыздарбы, элдин үнү бийликке жетпей жатат деп, бийлик өкүлдөрүн элдин алып барса, анан чагымчылар тарабынан жасал нерсеге бийлик кайра Уландын тиешеси бар деп камап салышпадыбы. Керек болсо, комиссиялар тарапка таш ыргыта баштаганда Уланга да таш тийип жабыркаган,” – дейт Айылдык Кеңештин депутаты.

Окшош материалдар:  Депутат: “Атамбаевдин айткан сөзү чындыкка дал келет”

fakt.kg

One comment

  1. Нуркамилов Эсентур

    Жогорудагы маселе , коптогон инсандарды, жеке ишкер, намыской атуулдарды жонокой тургундарды жада калса кичине баланын да бушайман кылып, тан калтырбайт, Жеке жактардын озумчулдук иш аракеттери качан жана кантип токтоорун аныктоо кыйын болуп келуудо. Улан Шериповдун камалуусу УВД кызматкерлери тарабынан жээ аларга тапшырма бергендердин терс иши , албетте ал учун жооп берери анык.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful