Templates by BIGtheme NET

Кылычбек Султандын иши Башкы прокуратурада каралат

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султандын билдирүүсүнүн негизинде жүргүзүлгөн териштирүүнүн жыйынтыгы чыкты. Коопсуздук кеңешинин изилдөөсүнүн жыйынтыгында, Тышкы иштер министрлигине кадр тандоодо жетекчилик тарабынан олуттуу кемчиликтер кеткени аныкталган.

Ошондой эле Кылычбек Султандын да мыйзамга каршы келген аракеттери дагы аныкталган. Анда Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде жашыруундуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы, элчиликте өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМдин макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимине каршы келгенин жазылган. Ал жактагы кызматынан бошотулгандан кийин “аккредитациялык карточкасын” Малайзиянын Тышкы иштер министрлигине өткөрүп бербегенин да тартип бузуу катары санаган.

2018-жылдын февраль айында Кылычбек Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке  тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат,-деп Коопсуздук кеңешинин билдирүүсүндө жазылган.

Териштирүүнүн жыйынтыгында, Элчи Түштүк Кореяда резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашканы, министрлик менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаганы да маалым болду. Ошондой эле элчинин жанында жубайы да коштоп жүргөнү үчүн министрлик ага кошумча каражатты негизсиз кошуп бергени да айтылган.

“Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, мамлекеттин чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча  төлөнөт.  Текшерүүнүн жүрүшүндө Кылычбек Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.  Бирок буга карабастан ТИМ өткөн жылы элчинин жубайына 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген.

Мындан сырткары, Кылычбек Султан мамлекеттик кызматта жургөндө «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезитине  ээлик кылган.

Кылычбек Султандын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган фактылар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурга жөнөтүлдү.

Окшош материалдар:  Прокурордун өлүмүнө шектүү медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

Fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful