Паракор Бажы кызматкерлеринин кармалган учурдагы видеосу жарыяланды

9

МБК, МЧК жана Айыл-чарба министрлигинин кызматкерлерин ишкерлерден акча талап кылып жаткан учурунда кармалган  видеосун таратты. 

Кылмыш иштин алкагында ыкчам-тергөө группасы 3 башкармалыктын кызматкерлеринен түзүлдү.

Эске салсак, аталган мамлекеттик органдын кызматкерлери, кылмыштуу схеманы түзүп анын негизинде Өзбекстан Республикасынан келе жаткан жүк ташуучу унааларды бажыдан өткөргөндүгү үчүн КРнын жарандарынан пара талап кылышчу. Жеке ишкерлер тарабынан чара көрүү боюнча доо арыздар түшкөн.

2018-жылдын 29-сентябрында талап кылып жаткан акчаны алуу учурунда инспектор Ж.Э 1200 АКШ долларын алып жатканда кармалган.

Мамлекеттик бажы кызматынын иш бөлмөлөрүндөгү сейфтин биринде 4000 АКШ доллары жана 4000 табылган.  Ветеринардык жана Фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын башкы инспекторунун иш столунан 11000сом алынган. Чек ара мамлекеттик кызматынын сейфинен 28000сом табылган.

fakt.kg