Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри “саякатчы” Таалайкул Исакунова кызматтан кеткенден кийин, анын ордуна “куулугу күчтүү” Кудайберген Базарбаев келет экен.
Бул кызматтагы ызы-чуунун чыгышы жөн жерден болбосо керек. Шайлоодон кийин бул кызмат ордун кантип бошотуштун жолу изделип жүргөнүн билгендер айтып келишкен. Эскерте кетсек, мурдагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрликтин жетекчилери да ызы-чуу менен кызматтан кетип жүрүшкөн.