Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү парламентте айтылды

Депутат Руслан Казакбаев парламент жыйынында  президентке кайрылуу жолдоду. Ал мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Таласка жасаган сапарында айткан сөзүн эске салып, Өмүрбек Бабановдун маселесин көтөрдү.

Анын айтымында,  президент Таласта активдүү адамдарды бириктирип, иштөөгө даяр экенин билдирди. Бул демилгени колдойт. Оппозициядан Жээнбековго атаандаш талапкер катары чыккан Өмүрбек Бабанов шайлоочулардын 34 пайызын алган болчу. Аягында шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, колдоп берди эле. Ал алгачкылардан болуп Сооронбай Жээнбековду куттуктаган. Шайлоодон кийин ден соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен болчу. Өлкө стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүнө туруп, саясатка аралашпады. Президентке өзүнүн жана шайлоочулардын атынан бул маселени өз көзөмөлүнө алып, карап берүүсүн суранды.

Fakt.kg

 

Бөлүшүңүз