Templates by BIGtheme NET

Москвада мечитке келгендер жапырт кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилип жатат

Россиянын Москва шаарында  бир нече жылдан берки тыныгуудан кийин эмгек мигранттарын “жума күндөрү кармоо” жараяны башталды. Бул тууралуу “Настоящее Время” телеканалы кабарлады. Рейд өткөн аптада башталган.

Маалыматтарга караганда, мечитке келген кишилер жапырт кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилип жатат. Юристтер кармоолор мыйзамсыз экенин билдиришүүдө.

Кармалгандардын бири – Рустам кол коюу үчүн эч кандай документ, протокол берилбегенин айтты. Аны бир нече саат полиция автобусунда кармашып, андан соң бөлүмгө алып келишип, сүрөткө тартып, бармак издерин алып, кийин коё беришкен.

Көп жылдан бери полиция жума күндөрү мечит алдында эмгек мигранттарын жапырт кармоону токтоткон. Орусия Мусулмандар дин башкармалыгы менен ИИМдин жашыруун макулдашуусуна ылайык, жума күндөрү полиция кызматкерлери мигранттарга тийбей калган. Диний ишмерлердин пикиринде, бул биринчи кезекте тартип сакчылар үчүн керек болгон. Жума күндөрү рейддерден баш тартуу – “мусулмандар арасында орус полициясынын жакшы образын” жаратууга жардам берген.

Юристтер бул сыяктуу иш-чаралар мигранттардын чынында ким экенин аныктоо үчүн жүргүзүлүп жатат деп эсептешет.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Россияга билет саткандар: “Өкмөт кыйын болсо, авиабилетти арзандатсын. Анан адамдар бизге келбейт!” (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful