Templates by BIGtheme NET

Махабат Мавлянова: “Кашыктап чогулткан ар-намысымды, абийиримди, элге кылган ак кызматымды бир күндө тебелеп-тепсеп жок кылууга аракет жасашты”

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйнында депутат Махабат Мавлянова буга чейин Кытайдан келген туристтерге визасыз режим киргизүү маселесин кайрадан көтөрдү. Депутат социалдык тармактарда бул демилге башкача өңүттө талкууга түшкөндүгүн айтты.

“Менин жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу. Мен туризмди өнүктүрүү тууралуу оюмду айткам. Албетте, бул сунуш дыкаттык менен изилденип, мамлекеттин коопсуздугу жагынан, чет элдиктердин кыймыл-аракеттерин контролдоо маселелери менен чогуу каралышы керек”,-деди депутат.

Ошону менен катар Мавлянова “Кашыктап чогулткан ар-намысымды, абийиримди, элге кылган ак кызматымды бир күндө тебелеп-тепсеп жок кылууга аракет жасашты” деп билдирип, кытайлык туристтерди тартуудан дүйнө өлкөлөрү канчалык пайда көрүп жатканы тууралуу эки инфографикалык тасманы көрсөттү.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Махабат Мавлянованын Жогорку Кеңештин жыйынында Кытайлык туристтерди Кыргызстанга визасыз киргизүү сунушу коомчулукта катуу талкууга алынган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Министрдин орун басары 50 миң доллар параны арак ичип жатканда алган (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful