Templates by BIGtheme NET

Тамадалар: “Аша чапкан оюндарды жаш, жаңы чыгып келе жаткан тамадалар гана уюштурушат”

Күз келип жыйын-терин  менен бирге элибиздин жакшылыктары бирин арты менен бири  башталып отурган чагы. Азыркы тапта тойканаларда чоң той берүү бул элибиздин өнөкөтүнө  айланып бара жатат. Ал эми ошондой салтанаттуу чоң тойлордо ак кызматын көрсөткөн таланттуу да, таланттуу эмес да  тамадалардын  саны козу карын көбөйгөндөй көбөйүп эле кетип бара жатат. Албетте, бул кесип сырттан караганда жеңил жана оңой көрүнөт.Өз кызматын мыкты билген тамадалар азыркы учурда, чынын айтканда сейрек. Кээ бирде тойду алып барып жаткан тамада, кыргыздын тоюнда тамадалык кызмат кылып жатканын эстен чыгарып коюп, ойго келбеген оюндарды өткөрүп элди ыңгайсыз жагдайга калтырып коёт. Коомчулукка тамадаларыбыздын мындай кылыктары көп сындалып, менталитетибизге туура келбейт деп кыжырданып калышат. Бул боюнча fakt.kg  бир катар, көптөн бери иштеп келе жаткан тамадаларга байланышты:

Мурат Жалиев:

“Акыркы учурда бир нерсе болсо эле, тамадаларга салык сала коюп жана сындап эле калышат. Тамада – бул кесип сыяктуу болуп калды. Менимче тамада өтө көп болуп кеткендиктен, программасын өзгөртүп, башкача чыгышым керек деген жакшы ойдо гана, аша чапкан оюндарды, сынактарды ойлоп таап жатышат. Анан ушул сыяктуу көрүнүштөр элге жагымсыз болуп калууда. Тойдо тамаданын эң башкы үч милдети бар: биринчиси келген меймандарды тойдун аягына чейин кармоо, экинчиси тойго түшкөн конверттерди элдерден чогултуу жана үчүнчүсү эки жашка бата алып берүү”- дейт Жалиев.

Байыш Момунов:

Image result for Байыш Момунов

“Тойдогу өткөрүлгөн оюндар боюнча айтсак, тойдо ар кандай адамдар болот, ошон үчүн тойдун аудиториясына карап өткөрүш керек. Көп убакыттан берки чогулган тажырыйбамдан айтсам, жеке өзүм аша чапкан оюндарды уюштуруудан качам. Анткени, бул биздин каада-салттарыбызга бир аз туура эмес келип калат жана жубайлар ортосунда кызганычтан улам уруш болуп кетет. Өз кызматымда көбүнчө интерактив оюндарды уюштурам. Азыр той ээлеринин да талаптары катуу болуп калды.  Программа менен таанышып, бар-жогун сурап алышат. Ал эми жанагыдай туура эмес оюндарды жаш, жаңы чыгып келе жаткан тамадалар уюштуруп жиберишет. Аларга айтаар кеңешим кылдат мамиле жасагыла демекчимин” -дейт тамада.

Окшош материалдар:  Ош базарынан дагы өрт чыкты (Фото)

Бакыт Айдаралиев:

“Тамадалардын аша чапкан дегенине бир чети кошулам, бир чети кошула албайм. Себеп деген жаңы баштагандар ушундай оюндарды уюштурушат. Алар  интернетке киришет да казактардын орустардын оюндарын көрүп алышып, ойлонбой эле ушинтип ойнотуп салышат. Ал эми такшалгандар ойнотпойт го дейм. Ал эми тууган уруктун ичиндеги тойлордо аша чапкан оюндардын кажети жок. Буга туура эмес көз караштамын. Өзүм көбүнчө улуу муундагыларга көңүл буруп калдым”- дейт Айдаралиев.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful