Templates by BIGtheme NET

Назира Айтбекова: “Депутат Рыскелди Момбеков менен сармерденге чыккым келип жүрөт”

Бүгүнкү күндө коомчулук саясатчыларга болгон ишенимин жоготуп баратканы өкүндүрөт. Аларга ишенбегендик, демек келечекке ишенбөөчүлүк көрсөтүү десек болот. Алар туурасында элдин арасында жүргөн, саясатчылардан кем эмес элге жакын шоу дүйнөнүн өкүлдөрүнөн fakt.kg сурап көрдү.

Биринчи эле жылдызыбыз Назира Жетигеновага байланышканыбызда “Саясатчылардан эч кимди баалабайм жана түшүнбөйм. түшүнгүм да келбейт саясаттан алыс кишимин”- дейт Жетигенова.

Ошондой эле, теле алып баруучу Назира Айтбековага кайрылганыбызда: “Бир да саясатчыны баалай элекмин, бычакка сап саясатчы жок го. Купулга толуп, курч чыгып жатат деп тамшанган адам азырынча жок.  Бирок, депутат Жанар Акаев анда-санда айтчу сөздөрдү бетке айтып , таамай сүйлөгөнү жагат жана да Эльвира Сурабалдиева да көңүлгө толот.  Мындан тышкары депутат Аида Касымалиеванын айрым көтөргөн маселелери да актуалдуу. Ошондой эле, Рыскелди Момбековдун чечендик өнөрүнө сөз жок,  Сармерденге чыккым келип жүрөт , мен жеңеси, ал жездеси болуп”- дейт алып баруучу.

Ырчылардын арасынан Айнура Салахидиновадан да сурап өттүк: “Чынында саясатчылардан эч кимди айта албайм. Азыр көңүлүмө толуп, Кыргызстанды оңдойт, келечектен жакшы нерселерди үмүттөндүргөн  президентибиз Сооранбай Жээнбековду сыйлайм жана баалайм. Ажобуздун жубайы, кан айым Айгүл Токоева да өзүн алып жүрүүсү, токтоолугу, назиктиги  менен купулума толот. Негизи жакшы аял экени көрүнүп турат”- дейт ырчы.

Өнөр адамдарынын ичинен өзгөчө этно стили менен таанымал Гульзада Рыскуловага кайрылганыбызда: “Бизде ушундай суроолорго жооп берсек, туура эмес, бир беткей кабыл алышат. Ошондуктан унчукпай эле койгон оң. Анын үстүнө саясатты катырып, чакпагандан кийин, бир нерсе деп айтуу кыйын жана туура эмес болуп калат”- дейт Рыскулова.

Бир катар ырчыларга байланышка чыгып, маданият кызматкерлеринен жарытылуу деле маалымат алган жокпуз. Кызыгы көбү мындай суроого так жооп бергенден баш тартышты. Шоу дүйнөнүн өкүлдөрү менен саясатчылардын мамилелери кандай экенин ким билсин?

Окшош материалдар:  Кыргызстанда ажырашкандардын саны көбөйүүдө

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful