Templates by BIGtheme NET

КСДПнын камчысына сап боло албаган Акибаев…

“De-факто” гезити жаңы санында “Туз суроо” деп, Кыргызстандагы аттуу-баштуу 3 кишиге суроо узатышыптыр. Суроо узатаардын алдында алардын жасаган ишине кыскача токтолуп, артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө кыскача кеп салышыптыр.сдп
Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча өкүлү Аскат Акибаев КСДП партиясынан жогорку Кеңешке аттанып, бирок депутат болбосуна көзү жетсе да, башка жумуш беребиз деген шефтеринин убадасы менен акчасын чачкан имиш. Ошентип, тойдун эртеси болуп, КСДП убада боюнча депутат болбой калгандарды майлуу сүттүү орундарга жылдырып жатыптыр. Аскат Акибаев буга чейин бир да мамлекеттик кызматта иштебей туруп, олчойгон облуска ыйгарым укуктуу өкүл болуп барганына таң калышыптыр.
27-мартта Кара-кол шаарында шайлоодо КСДП партиясы алдыга умтулуп чыга албай, “Табылга” партиясына куйрук улаш өткөн эле. Мына ушинтип “шефтеринин” камчысына сап боло албаган Акибаевге аталган гезит:
“Аскат мырза, жергиликтүү шайлоодо КСДПны алдыга атйылап эле чыгарбай койгонуңузду мойнуңузга аласызбы? КСДПнын атынан “креслого” жетип алып, эми ал партия үчүн эмес, башка партияга жан тартып олтурганыңыз кандай? Жей кийинки жылы КСДПнын эмес, башка партиянын өкүлү президент болуп калса ошол жакка ооп кетейин деген алдын ала амалыңызбы?”-деп суроо узатыптыр.
Кыргызда “адамдан амал качып кутулбайт” деген жакшы кеп бар. Аскат мырзанын узакты көрө билген көсөмдүгү бар болсо керек да?

fakt.kg

Тема боюнча:  Райкан Төлөгөновго эмнеге сот өкүм чыгарууга шашып жатат

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful