Templates by BIGtheme NET

Карылар үйүндө жашаган Кенжебүбү апа: “Эки балам тең каза болгон”

1990-жылы БУУнун Баш катчылыгы 1-октябрды Эл аралык карылар күнү деп белгилеп, расмий майрамдардын катарына киргизген. Ошол убактан бери Кыргызстанда да белгиленип келет. Аталган майрамга кандай даярдыктар жана бүгүнкү күндөгү карылар үйүнүн азыркы таптагы акыбалы менен таанышуу максатында Бишкек шаарындагы Ленин райондук карылар үйүнө fakt.kgнин кабарчысы барып келди.

Бул карылар үйүнүн ачылганына быйыл 23 жыл болуптур, башында 52 кишиге чейин жашаса, азыркы учурда 48 кишиге гана ылайыкталган. Карылар үйүнүн жашоо шарты, турмушу менен таанышуу үчүн аталган жатаканынын директору Айчүрөк Алышевага кайрылдык.

“Бүгүнкү күндө биздин карылар үйүндө38 киши жашап жатат. Азыр күн жылуу болуп жаткандыктан толо элекпиз, ноябрдан баштап келе башташат. Күн жылуучулукта көчөдө жатса деле жыргап жүрө беришет. Ошондой эле, ар кандай себептер менен которулуп кеткендер, каза болгондор болот. Карылар күнүнө карата жылда эле майрамдык кече уюштурабыз, ата-апаларыбызды куттуктап демөөрчүлөрүбүз, мэриядан келишет. Демөөрчүлөрүбүз ар кандай уюмдар, жеке адамдар, акимиат, мэрия. Алар дайыма биздин тиричилигибизге келип кызыгып, сурап кетип турушат. Негизги жардамдар тамак аш, кийим-кечек жана кир жуучу каражаттар. Ошондой эле кээ бир демөөрчүлөр телевизор, кир жуучу машина жана башка техникалык каражаттарды алып келип берип турушат. “Темир жол” ишканасы жаңы жылда дайыма жакшы белектерин берип көңүлдү алышат. “Руки Добра”- деген уюм эки жыл катары менен апа-аталарыбыздын ар биринин туулган күнүндө белектер менен келип куттуктап кетип турушчу”- дейт директор.

Ленин райондук карылар үйүндө баш аягы 23 кызматкер эмгектенет, маянаны мамлекеттик бюджеттен  алышат, бардыгына эле белгилүү болгондой маянасы өтө аз, бирок түйшүгү көп.

“Мындан тышкары өкмөт деле таштап койбойт, ар бир адамдын тамагына 100сомдон каралган. Бул акчага да кудайга шүгүр, күн сайын эттүү тамак каймак, быштак, айран жана башка пайдалуу азыктар менен камсыз кылабыз. Кээ бирде кайдыгер эмес адамдар кой союп келип беришет. Эч качан тамагынан аябайбыз”- деп кошумчалады директор.

Окшош материалдар:  Кыргызстанда казак жараны курал-жарак менен кармалды

Карылар үйүнүн жашоочулары пенсияларын өз колдоруна алып, керегине жаратышат. Эгерде  тамакка алымсынбай жатышса, сатып келүүгө уруксат экен.

Айчүрөк Алымкуловнадан өкмөт тараптан кандай чоң жардам деп сураганымда “биздин кызматкерлердин алган акчасы болгону 5000 сом болсо да, убагында бергени аябай чоң жардам, биздики кечиктирилбей берилет”- дейт.

Ошондой эле, жатканын быйылкы курулуш иштери үчүн миллион сом кетиптир, кийинки жылга 6 миллион сом каралып жаткан экен. Жатакананын капиталдык оңдо түздөө иштери 7 жыл мурун жасалган, буга чейин абалы өтө начар болгонун Айчүрөк айым белгилей кетти.

Айчүрөк Алымкуловнадан бул кызматка эмне болуп келип калганын сураганыбызда ал төмөндөгүлөрдү айтып берди: “карылар үйүнүн директору болуп иштегениме быйыл 9 жылдын жүзү болот. Ал эми буга чейин Ленин районунун акиминин орун басары болуп  эмгектенгем. Анан пенсияга чыкканымда, ушул жакка келдим”- дейт.

Мындан тышкары бул карылар үйүндө Чарба иштеринин жетекчиси болуп эмгектенген Осмонова Шарипа менен да баарлаштык: “Ата-апаларыбызды колубуздун келишинче жакшы багабыз. Баарына тең бирдей мамиле жасайбыз. Үйүндө албаган сый-урматты, жылуу сөздөрдү, жакшы мамилени ушул жердеги кызматкерлерден алышат. Күн сайын эрте менен кызматкерлерибиз бөлмөлөрүн жууп, ашпозчуларыбыз үч маал ысык тамактарын убагында жасап беришет. Эң башкысы бул жактагы кыздар өз жумушун мыкты билишет. Аларга дайыма айтам бак бир жерден көгөрөт, алган акчабыз аз болсо да Алла Талам берекесин берет, Алланын китепчесине сооптор жазылып жатат деп. Көптөгөн элдер сооп издейт, ал эми силер болсо иштеп да, сооп, бата да таап жатасыңар дейм. Кээ бирде апа-аталарыбыздын ортолорунда түшүнбөстүктөр жаралып калат, андай учурларда кийлигишип жараштырып койгонго аракет кылам. Анан тамашалап чал бөлүшө албай урушуп жатасыңарбы деп урушуп  коём. Тагдырдын оор жагдайында калган карыларыбыз кээ бирде бул жакта иштеген кызматкерлерибизди ыйлатканга чейин барышат, кээ бири ыраазычылыгын айтып бүтпөйт. Кыздарга чыдагыла булар кары адамдар, таарынчак, сезимтал болуп калышат урушпагыла өзүм түшүндүрөм деп айтам”- дейт Осмонова.

Окшош материалдар:  Таласта досун зордуктаган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду

Карылар үйүнүн босогосун аттаганым да эле нурлуу жүздүү жетимиш жаштан ашып калган Кенжебүбү апаны жолуктурдум, андан бул жакка тагдырдын кайсы соккусунан улам келгенин, жакындан таанышып баштаганымда эле,  А.Акаевдин тушунда мындай карылар үйү дээрлик жок эле деп кеп башын баштады:

“1998-жылы эң биринчи жолу Бишкекке тил ооздон калып ооруп келгем. Доктурлар оорумдун так диагнозун коё алган жок. Бул ооруну бизде кыргызчылык деп коёт эмеспи, азыр деле кээ бирде кармап калат. Өзүм Калыгул Олуянын тукумунан болом, чоң атам өз убагында 9 колхозду Меккеге алып барып келген экен. 10 бир тууган болчумун, азыр сиңдим эле калды. Өзүмдүн эки балам бар болчу, бир балам болсо Украинадан окуусун, кызматын да бүтүп келген, үйлөнүп балалуу боло алган жок, өтүп кеткен, экинчи балам болсо, II  группадагы майып болчу,  бул жакта бирге жашадык, мурдагы жылы каза болду. Бир туугандарымдын 6 баласын багыштым, аларды күйөөгө тийип кеткенден бери көрө элекмин, сиңдимдин эки баласы анда-санда келип кетип турушат, алар чет өлкөдө жашашат. Бул жактагы бардык кызматкерлер, жетекчилик абдан жакшы адамдар. Башка карылар үйүндө тартип өтө катуу дешет, ал эми бул жак болсо бейиш. Эч кандай нааразычылык жок. Өзүм бир бөлмөдө жалгыз жашайм”– дейт Кенжебүбү апа.

Ар бир адам дөөлөттү карылыкты өткөрсө кана, урматтуу окурманым! Миң жакшы шарт түзүп берсек да, жанынан чыккан балдарынын, кыздарынын колунан карандай чай ичсе да, неберелеринин жытын жыттап, жашоосунун акыркы мүнөттөрүн ырахаттанып өткөргөнгө эмне жетсин. Кыргызстанда мындай үйлөр көбөйүп жатканы, жүрөктү сыздатат. Оо, адамзат ушунчалык таш боор айбанга айланып бара жатабызбы?

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful