Templates by BIGtheme NET

Бийчи кыз: “Чыгыш бийин бийлейт десе эле, жаман ойлогондор көп болот экен”

Тойдун шаңын көрккө чыгара  тургандар бул өнөр адамдары экени талашсыз. Канчалаган тойлорго барбагын, тойдун бир “изюминкасы” бул тал чыбыктай буралган бийчи кыздар. Азыр тойлордо модабы же элибизге чыгыш каллорити жакын болуп кеттиби ким билсин, иши кылып тойлордун көркүн көп учурда  чыгыш бийин бийлеген бийкечтер ачууда. Бийдин бул түрү кимге гана жакпасын, туурабы? Өзгөчө мырзалардын ээсин оодарат го чиркин!

Ушул жаатта өз талантын тартуулап, өнөр адамдарынын катарын толуктап келе жаткан Каныбек кызы Мээрим аттуу бийчи кыз fakt.kgге маек куруп берди.

-Чыгыш бийин бийлегенине канча убакыт болду? Жана канча убакыттан кийин тойлорго чыга баштадың?

-Чыгыш бийин бийлеп жүргөнүмө бир жылдан ашты. Устатымдын күчтүүлүгүнөн жана сабырдуулугунан бийди 2-3 айда эле өздөштүрүп кеттим, анан топко кошулуп, тойлорго чыга баштадым. Негизи бизге келген кыздар бийди тез өздөштүрүп кетишет. Азырынча топто бийлейм, буюрса келечекте көптөгөн пландар бар.

-Күнүнө тойлорго канча чакыруу аласыңар?

Күнүнө 2-3 чакыруу болот, үлпөт тойлорго, мааракелерге чакырылабыз. Ал эми баасын болсо Асель аттуу эжекебиз сүйлөшөт, той ээлерине ыңгайлуу эле бааны айтат. Негизгиси бул менин хоббим болгондуктан, бийлегенден рахат алам, акчага кызыкпайм.

-Кечелердеги аткарууларыңарда кандай кыйынчылыктар болот?

-Эл алдына чыкканда бардыгы эле толкунданса керек. Бир жолу бийлеп жаткан учурум да, отуруп өйдө турганымда бутум калчылдап, араңдан зорго бийлеп, элдерге билгизбей бийди жыйынтыктагам.

-Ошондой кечелерде аша чапкан мырзалар да болуп калабы?

-Кудай сактасын катуу аша чапкандарга кабыла элекпиз. Бирок чыгыш бийин бийлейт десе эле, жаман ойлогондор көп болот экен. Кээ бирде чоң эле кишилер номериңди

сураганда, албетте чочулайсың. Мындай ойлогондук такыр туура эмес.

-Аталган бий биздин менталитетке туура келбейт деп көпчүлүк баамдайт. Бул өнөрүңө ата-энең, туугандарың каршы эмеспи?

Окшош материалдар:  Өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн жаран ооруканага жаткырылды

-Үйдө чыгармачылыкта жүргөн мен эле эмесмин, эжем да ушул жаатта эмгектенип жүрөт. Ата-энем каршы эмес, колдоп турушат. Алар дайыма ачык кийинбегиле деп эскертип турушат. Ушул мүмкүнчүлүгүмөн пайдаланып Асель Миңбаева эжекеме ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бизге кылган эмгеги опол тоодой.

 

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful