Templates by BIGtheme NET

Тарбиячы: “Азыркы учурда көп балдар психологиялык жактан жабыр тарткан”

“Ар бир кесип ардактуу”-  деген жакшы кеп бар, бардык нерсени адал эмгек менен  таап, элиңе, жериңе салымыңды кошсоң бул жашоодо өз ордуңду ээлеп, чыныгы адам, инсан  болгонуңдун белгиси жана сенин жеңишиң!  Мына бүгүн ошондой инсандардын бири Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде тарбиячы болуп эмгектенген Муратбек кызы Бурул   fakt.kgге маек куруп берди.  

Биз анын бала бакчадагы бир күнү кандай өтөөрүнө кызыгып сураганыбызда ал төмөндөгүлөрдү айтып берди:

“Жумушка саат  6:30 келебиз, анткени балдарды саат 7де кабыл алып баштайбыз. Балдардын бардыгынын температурасын ченеп, ар биринин дени-сагын карап жазып чыгабыз, андан соң машыгуу жасатабыз. Жогорудагыларды бүткөн соң эртең мененки тамакка отургузабыз, алардын тамактарды кандай жеп жатышат деп сөзсүз карап турабыз. Анткени алардын ар биринин табити кандай экенин билип туруу милдетибиз.  Тамактануудан кийин сабактар башталат, ар бир группага тиешелүү сабактар, өтүү убактысы бөлүшүлгөн.   Бала бакчалардагы маанилүү делген сабактар “Развития речи”,  “ Формирование элементарных математических представлений”,  “көркөм адабият”, “дене тарбия” жана башка да сабактар кирет. Сабактар аяктаган соң короого ойногону чыгышат. Ойноп келгенден соң түшкү тамактануу башталат. Бүткөндөн кийин укташат, саат 3дө турушуп, дагы бир ирет жеңил тамактанышып кайрадан сабакка киришет. Ошентип күнүбүздүн жарымынын көбү өтүп, кечки тамагын бергенден кийин саат 17:30 ата-энелер келип  алып кетип башташат, ошентип иш убактыбыз саат 19:00 де бүтөт”- дейт тарбиячы.

Мындан тышкары Бурул айым бул кесип өтө жоопкерчиликтүү экенин жана тарбиячылардан ар тараптуулукту талап кылаарын айтты. Анткени ар бир баланын мүнөзү ар башка, ар кимиси ар кандай шартта чоңоюп жатат да, ошондуктан балага психологиялык жактан, моралдык жактан оор кылып албаш үчүн сабырдуу, психолог, бардык нерсеге дыкат мамиле кылуу кажет.   “Өзгөчө азыркы учурда психологиялык жактан жабыр тарткан балдар көп, бул көрүнүш биздин келечегибизге коркунуч туудургандай боло берет”-  дейт Бурул айым.

Окшош материалдар:  Майып адамдарды алдаган салык кызматкерлериние кылмыш иши козголду

Эмне себептен тарбиячылык кесипти тандап алгандыгы туурасында сураганыбыз да, “окууну бүткөндөн кийин башка кесиптин ээси болом деп жүрчүмүн, убагы келгенде атам эчтекеме карабай туруп  И.Арабаев атындагы университетке тапшыртып койгон. Окуу башталганда эле мага кызыктуу боло баштады, анан жан-дүйнөмө жакын кесип экенин билдим. Анын үстүнө өзүм көп бир тууганмын, балдарды да абдан жакшы көрчүмүн.  Учурунда атам көрөгөчтүк кылган экен деп ичимен кубанып калам. Бул кесип менен иштегениме быйыл туура 13 жылдын жүзү болот, тапканым кудайга шүгүр жетет, эң башкысы адал эмгек менен тапсаң эле көп керегине жарап берет” – дейт Бурул айым.

Кандай гана кесиптин ээси болбогун ар дайым ошол ишиңдин майын чыгарган адис болуу маанилүү. Ишиңдин мыктысы болсоң ошол сага аброй, урмат-сый алып келет.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful