Templates by BIGtheme NET

Өмүркуловду эл колдогону менен Чыныбайды депутаттар колдойт

“De-факто” гезити жаңы санында “Исаны коомчулук кош колдоп колдоодо” деген чыныбай турсунбековмакала жазды. Аталган макалада Иса Өмүркуловду интернет айдыңында татыктуу төрага катары коомчулук колдоп жаткандыгы айтылат.
Олигархтардын жыйындысынан турган эки партиянын лидерлери төрага болом деп бири-бирине жол бербей, канчалык аракет кылганы менен экөөнүн тең “мыш” болгондугу жөнүндө, жазышыптыр.
Аталган гезиттеги макалага таянсак, Иса Өмүркулов кезинде ЖКга бир мандаттуу округдан 3 жолу катары менен депутат болсо, партиялык тизме менен эки жолу депутат болгонун эске алганда өтө билимдүү иш-билги, эл колдогон киши имиш.
Өмүркулов Бишкектин мэри болуп турганда бир топ алгылыктуу иштерди жасап, Ош базарды тартипке салгандыгы жөнүндө жазган гезит аны келечектеги төрага катары көрүп, ишине ийгилик каалаптыр.
Албетте, жакшыны жакшы деп айтуу керек деңизчи, бирок саясатта ар кандай оюндар болгондуктан Иса Өмүркуловдун төрага болууга шансы жок. Анткени, биз Ак үйдөгү ишенимдүү булактарыбызга таянып, мындан 10 күн мурдараак төрага катары Чыныбай Турсунбековдун келээрин жазганбыз. “Ата Мекен”, “Республика-Ата Журт” фракцияларынын лидерлери Турсунбеков тарапта экендигин билдиришти. “Азчылык көпчүлүккө моюн сунат” деген жаратылыштын жазылбаган мыйзамы бар. Демек, Өмүркуловдо төрага болууга шанс аз.

fakt.kg

Тема боюнча:  Жээнбеков Текебаев боюнча пикирин билдирди

One comment

  1. Элди ойлошсо депутаттар жаш депутаттардан спикер шайлашса болмок.

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful