Templates by BIGtheme NET

8 жашар кыздын өлүмү боюнча жыйынтык жакында чыгат

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жумушчу группасы 25-сентябрда 8 жаштагы кол сыныгынан каза болгон кыздын өлүмү боюнча тыянагын чыгарат. Бул туурасында Vesti.kg маламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкери Кубанычбек Калмаматов билдирди.


“Комиссия иштеп жатат, жыйынтыгы кийинки экинчи күнгө даяр болот”- дейт.
Калмаматовдун айтымына карганда Чолпон-Аталык хирургтун арызында, каза болгон кыздын байкеси жарадар болгон жерине ылай сүйкөгөн, текшерүүгө мүмкүн эмес.
“бул болгону тургундардын сөзү. Биз бул нерсеге ишене албайбыз. Комиссия оорунун себептерин жана медициналык картасын текшерип жатышат”- дейт.
Эскерте кетсек, 9-сентябрда Бишкек шаарындагы больницада 8 жашар кыз колунун ампутациясынан кийин каза болгон.
Маалыматка караганда Мадина чоң энеси менен Ысык-Көл облусунда жашачу. 3-сентябрда кулап кетип колун сындырып алган. Медициналык жардам үчүн 5-сентябрда гана кайрылышкан. Кыздын абалы оорлогондо, борбордогу ооруканага гангрено абалында жеткирилген.

fakt.kg

Окшош материалдар:  КРнын эл артистин өлтүрүгө буйрук алган киллер кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful