Templates by BIGtheme NET

Кубанычбек Кулматов Россиянын жараны экендиги далилденди (фото)

Бажы кызматынын мурунку төрагасы Кубанычбек Кулматов 1995-жылдын 11-октябрында СССР жарандыгындагы паспорту жоголуп, Россиянын жарандыгын алган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдирди.

Маалыматка ылайык, ал акыркы жолу 2008-жылы 45 жашында Орусиянын жарандыгындагы паспортун алмаштырган. Ошол эле учурда Кыргызстандын бажы кызматында төраганын биринчи орун басары болуп иштеген.

«Кулматов 1996-жылы 26-ноябрда орус жараны болуп туруп, СССР жарандыгындагы паспортунун жоголгонун айтып кыргыз паспортун алганы аныкталды. Ал 

паспортун Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы паспорт столдон 2001, 2003 жана 2013-жылы алмаштырган.

Ошондой эле кыргыз жарандыгын алуу үчүн президенттин атына арыз тапшырган эмес жана орус жарандыгынан баш тартпаган. Мындан улам, УКМК тарабынан Кулматовго карата козголгон кылмыш иши мыйзамга ылайык катуу тартипте улантылат», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын мурунку мэри Кубанычбек Кулматовго «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин алкагында айып тагылган. Андан кийин Кулматовдун Орусиянын жарандыгын алгандыгы боюнча да иш козголгон.

fakt.kg

Окшош материалдар:   Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү парламентте айтылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful