Templates by BIGtheme NET

Ошто мурда бир нече сотолгон кылмышкер изделүүдө

 

Ош областында Казакстандын түрмөсүнөн качып кеткен  кылмышкер Жылдызбек Бекмурзаевди издөө улантылып жата. Бул тууралуу   fakt.kgге Ош облусунун ИИБ маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди: “ Маалыматка ылайык бүгүн түнү кылмышкер жүгөрү өскөн талаага жашынып, аталган аймак курчоого алынды. Бирок ал качып кеткенге үлгүрдү. Учурда аймак бардык жагынан тороого алынды. Ошондой эле, жарандардан маалымат алып жатабыз”- дейт.

20-сентябрда болжол менен саат 14:30 – 15:00 дө  милиция кызматкерлери кафеден шектүү эки кишини байкашкан, – дейт Ашырбаев. – Алардын бири издөөдө жүргөн Жылдызбек Бекмурзаевге окшош экен.

Укук коргоочулар бул тууралуу тергөөчүлөргө билдирген. Милиция кызматкерлери келип, документтерин сураган кезде кылмышка шектүү баштыктыгын көрсөтүп, анда автомат бар экендигин айтып, тийишсе ок чыгараарын атйкан.

ИИБ маалымат катчысынын  билдирүүсүнө таянсак, Бекмурзаев шериги менен кафеден  «Mercedes-Benz» маркасындагы автоунаа менен качып кетүүгө аракет кылышкан. Алардын артынан куугун түшкөн.   Кара-Суу районуна жеткенде милиция кызматкерлер кууп жетип, токтотушкан – дейт Ашырбаев.  Кылмышкерлер унаадан чыкпастан, унааны сүздүрүп салып, андан ары качышкан. Унаа баткакка тыгылып калганда кылмышкерлер, жөө качып жүгөөрү таласына жашынышкан.  Талаа курчоого алынганда да кылмышкерлер качып кетүүгө үлгүрүштү.  Аймакта издөө уланып жатат, блокпосттор коюлду, – деп маалымдайт.

Жылдызбек Бекмурзаев 32 жашта, мурда каракчылык, тоноо жана зордуктоо боюнча бир нече жолу соттолгон. Ал учурда 2017-2018-жылкы кылмыштарга шектелип, издөөдө жүрөт.

fakt.kg

Окшош материалдар:  КСДПнын мурдагы мүчөлөрү менен Апрель баатырлары мушташа кетишти (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful