Templates by BIGtheme NET

Аида Салянова: “Сегизбаев менен Жолдубаева бийлик алмашпайт деп ойлошкон”

Кыргызтанга  Белиз өлкөсүнөн  эч кандай документ келген эмес. Бул тууралуу 14-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында  УКМКнын  Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев билдирди. Ал эми 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Башкы прокурор Өткүрбкек Жамшитов жана УКМКнын жетекчиси Токтосун Сабыров Белизден эч кандай документтер келбегенин тастыкташты.

Картинки по запросу Салянова

Аталган фактыга байланыштуу  fakt.kg мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Аида Саляновага кайрылдык:

“Бул калп экени айдан ачык болду, коомчулуктун баары эле көрүп билип жатат. Биз калп экенин башынан эле билгенбиз. Белиз деп ойлоп тапкандарынын себеби , алыс мамлекет болсо эле эч ким сурап билбейт деп ойлошкон. Каттар, документтер келбей жатат дегенге ынанат деп, болгон күчүн маалыматтык каралоого жумшашкан. Андан бери канча убакыт өтсө да,  бүгүн билинип жатат. Демек ал жакка эч кандай кызматкерлер барган эмес , эч кандай документтерди эч ким алып келген эмес, бул жерден каттоодон да өткөн эмес деген фактылар. Кылмыш ишин козгоп, жоопко тартуу  бул көп  жагынан негиз.  Жолдубаева дагы Сегизбаев дагы өтө ишенген адамы болгон үчүн, кийин бизди эч ким жоопко тартпайт, эч ким сурабайт деген ой менен ушундай  кадамдарга барышкан. Алар ойлошкон бийлик алмашпай, бийликте өзүбүз эле болобуз деп.  Эч ким бул маселелерди көтөрбөйт , сурабайт деген ишенимдин артынан ушундай чоң фальсификация чыккан. Эми күтөбүз, кандай ачыкка чыккан болсо так эле ошондой жоопко тартыла турган күндөр келет деп ишенем”- дейт Салянова.

Эскерте кетсек белгилүү «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн. Эгер бул документтер такталбаса Сегизбаев жооп берет деген Атамбаев.

Окшош материалдар:  Каныбек Осмоналиевди 15 жылга абакка камоону прокурор соттон сурады

fakt.kg

 

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful