Templates by BIGtheme NET

Сооронбай Жээнбеков: “Ипотека бардык жарандарга бериле баштайт”

Президент Сооронбай Жээнбеков  Чүй облусуна караштуу Кемин шаарынын тургундары менен жолукту.

Анда ал ипотека берүү ишин күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруларын кабарлап, азыр берилип жаткан ипотекалык насыялардын үстөгү 8 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, ал бюджеттик мекемелердин кызматкерлери гана эмес, турак-жайга муктаж башка жарандарга бериле баштай турганын билдирди.

Жээнбеков мындан тышкары, ички жана тышкы инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү  — жергиликтүү бийликтин, укук коргоо, фискалдык органдардын негизги милдети экенин эске салды.

“Кыргызстанга келген инвестор бизнесин баштап-баштай электе эле андан үлүш сураган учурлар жок эмес. Анысы аз келгенсип, милиция кызматкерлери, салыкчылар да жөн иштетишпей ар кандай бөгөттөрдү коюшат. Мындай көрүнүштү токтоткула. Бүт дүйнөдө келген инвесторго бардык шарттар түзүлөт, бизде болсо, инвесторду келери менен чочутат. Кепилдик жок болсо, бизге кайсы инвестор келет, экономика инвестициясыз кантип өнүгөт? Ошондуктан, инвесторго өгөй мамиле жасаганды токтоткула”, — деди президент.

Кемин эли райондун борборундагы оорукананын курулушуна, мектептердин жетишсиздигине, электр энергиясына болгон тарифти жөнгө салууга, дыйкандарга жана фермерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө, таза суу менен камсыз кылууга, кадрларды тандоого байланыштуу суроолорду беришти.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Коррупция менен күрөшкөн Анара Мамбеталиева кайрадан кызматка келди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful