Бишкекте директор пара алып жаткан жеринен кармалды (Видео)

14

Бишкек шаарындагы медициналык колледждердин биринин директору пара алып жатканы жеринен кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 10-сентябрында Финполицияга студент кайрылып, окуу жайга кабыл алуу үчүн коллеждин директору 25 миң сом талап кылганын айткан. Ал ага чейин 30 миң сом төлөгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, директор пара алып жаткан жеринен  кармалды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз