Templates by BIGtheme NET

Бөдөш Мамырова: “Армиясы жок, коргонуусу жок мамлекет болбойт”

Өкмөттүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка киришип жатканда  өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуш киргизээрин билдирген болчу. Бирок өкмөттүн жаңы түзүмү Жогорку Кеңешке дагы деле сунуш кылына элек.  Аталган сунуш боюнча өкмөт өзүнүн түзүмүн жана курамын өзгөртүү боюнча сунуштарды белгиленген мөөнөткө бүтүрө албай калгандыгы туурасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген. Өкмөттүн курамынын өзгөрүшү канчалык деңгээлде маанилүү экенин жана кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү кажет экендиги туурасында fakt.kg  экс-депутат, V -чакырылыштын вице-спикери  Бөдөш Мамыровага кайрылдык:

“Эгерде өкмөттүн жаңы түзүмүн сунуштагыла десе, эң биринчи сунушум Коргоо министрлигин ордуна кайра алып келиш керек. Өзүңөр билгендей бир дагы мамлекет Коргоо министрлигин жоюп жиберген эмес. Бул убагында абдан туура эмес иш болуп калган. Генералдык штабдын алдындагы, департамент кылып койгон. Армиясы жок, коргонуусу жок мамлекет болбойт. Мындан сырткары, чет жерде жүргөн мигранттарыбыздын акыбалы кандай болуп жатканын көрүп турабыз. Бул маселени чечүү үчүн Миграция министрлигин департамент кылып, кошумча структура кылбай министрликти кайра калыбына алып келүү абзел. Аталган министрликтин өзүнүн маанилүү функциялары бар, мисалы мигранттардын электрондук өздүк базасын түзүүгө мажбурлаш керек. Ошондой эле, билим берүү тармагындагы өтө көп маселелер бар.  Алардын бири кесиптик техникалык окуу жайларын Билим берүү жана илим министрлигине кошуп коюшту. Аталган министрлик мектеп менен ЖОЖдорду эптей албай жатат. Мектептерде окуу методикасын түшүнүшпөгөндөн кийин, негизи эле жалпы түшүнүктүн жоктугунан 20 жыл тажыйырбасы  бар мугалимдерди пенсияга кетирип чаң тополоңун чыгарып жатышат. Кесиптик техникалык окуу жайларды өкмөттүн астындагы өзүнчө бир агентство кылабы же департамент кылабы муну бөлүш керек. Бул эч качан билим берүү менен коошпогон, кесипке үйрөтүү окуу жайлары. Эгер өкмөт элдин сунушун укса, жогоруда айтылгандарды эске алса жакшы болмок”- дейт экс-депутат.

Окшош материалдар:  Тайырбек Сарпашев камалабы...

Эгерде өкмөт түзүмүн өзгөртүп Жогорку Кеңешке алып келсе, сунуш колдоого алынып, бекитилсе, демек өкмөттө кадрдык өзгөрүүлөр болоору да шексиз. Бөдөш Мамырованын айтымында  “Түзүмдү өзгөртүү өкмөттү чоң бурулушка, өзгөрүүгө өбөлгө түзүп ыкчам иштеп кетет дегенден алысмын. Иштей турган өкмөт азыркы таптагы түзүм менен деле иштеп кетсе болот”- дейт.

Кыргыз өкмөтүндө кандай өзгөрүү болгон күндө да,  өкмөт жаңы курам менен кандай иштеп кетээрин убакыттан гана көзкаранды.

fakt.kg

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful