Templates by BIGtheme NET

Тамадалар менен ырчылардын тойдогу мамилеси

Кыргыз элибиздин жакшылыктарында кызмат кылып келе жаткан ырчы-чоорчуларыбызды кудай бизге “аябай”  эле берген. Ошондой тойлордун биринде элибиздин эки сыймыктуу кызынын чачташкан видеосу коомчулугубузду бир сыйра жандантты өңдөнөт. Тойлордо ырчы менен тамаданын ортосунда ушул сыяктуу жагдайлар көп болобу деген кызыктуу ой да пайда болот экен. Ушул туурасында билүү үчүн  fakt.kg жакшылыктардын жарчысы болгон тамадаларга байланышты.

Алардын бири алып баруучу Манас Алыкулов: “Алып баруучу катары айтсам, алып барган тоюмда ырчылар ар дайым өз убагында келишет, өз убагында кетишет. Аларды дайыма айтылган убакыт саатында чыгарам. Мен бир да ырчыны кармабайм, аны ырчылар 100% тастыктап бере алышат. Бирок ар бир нерсе убакыт саатка байланыштуу, тойдо алып баруучулардын өзүнүн убак сааты бар да, той эрте же кеч башталып калат. Же болбосо ырчылар кечигип калат. Менин тойлорума эл артисттер, эмгек сиңирген артисттер келип калат. Алардын кезек талашканын деле көрө элекмин. Эгер шашып жатышкан болсо бири-бири менен өз ара сүйлөшүп алышат”- дейт алып баруучу.

Мындан тышкары шоу-дүйнөдө көптөн бери жылдызы жанып келе  жаткан куудул, тамада Эрнис Бөрүбаев төмөндөгүлөр менен бөлүштү: “Той ээси чакырган ырчыларга, убакыт саатын бөлүп берем. Эгерде ырчылар  айткан убакка келбесе, антрактка туш келип калса,  антракт бүткөнчө күткүн деп эле айтам. Ал эми өз убагына келген болсо кармабай, программамды бузбай чыгара берем. Бир себептин айынан ырчылар пландалбай чакырылып калса, башаламандык болот. Ырчылар өзү “опасный” болушат. Мындай жагдайлар көп эле болот, айрыкча улуу муундун ырчылары “капризный” болот. Алар шаштырып кетебиз дегенде жаш ырчыларга барып түшүндүрсөм  эле макул болушат. Негизи кыргыздын жаштары ыймандуу эле го ”-дейт тамада.

Ошондой эле, тамада тамашага салып, тойлорду чачымды алдырып салып эле алып барайын деп чечтим, деп мыскылдады.

Окшош материалдар:  Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки кыз кармалды

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful