Templates by BIGtheme NET

Өкмөт башчы: “Өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн”

Бүгүн  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Руслан Казакбаев Бельянинов «Кыргызстандын өкмөтүндө сүйлөшкөнгө киши жок, башаламандык бар» деп айтканын эскертип, өкмөт башчыны Мухамметкалый Абулгазиевге кайрылды.

” Ал киши расмий болсо, «келели, жолугалы» десе сүйлөшөбүз да. Анан ал кишинин деле өзүнүн тарыхын билебиз эмне болгонун. Премьер-министрдин, өкмөттүн деңгээлинде сүйлөшө турган өзүнүн жүзүн көрсөтсүн. Биз таза кишилер менен иштейбиз. Таза эмес кишилер болсо өз комментарийин бере беришсин, жактай берсин, жолуга берсин” – деп жооп берди өкмөт башчы.

Эскерте кетсек, 6-сентябрда Алматыда Евразиялык маалымат каражаттарынын конгрессинде Бельянинов банктын Кыргызстандагы ишмердиги тууралуу суроого жооп берип жатып, “сунушталган долбоор болбогондуктан насыялоо да болгон жок” деп жооп кайтарган. Ошондой эле ал Кыргызстанда ишкердиктин көзү менен караганда эч ким менен сүйлөшүүгө мүмкүн эместигин, аткаминерлер тез алмашып тургандыктан, аларга “ликбез”  өтүүгө аргасыз болуп жатканын айткан.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков  кыргыз өкмөтүн сындаган  Бельяниновге жооп бериш керектигин айткан эле.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңеште 4 эле депутаты калдыбы?

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful