Templates by BIGtheme NET

Жапон миллиардери Айга учуп бара турган алгачкы турист болот

Жапониялык миллиардер, искусство коллекционери Юсаку Маэдзава 2023-жылы SpaceX компаниясынын Big Falcon Rocket ракета алып жүрүүчүсү менен Айга учуп бара турган алгачкы космостук турист болот. Бул тууралуу компания Твиттер баракчасы аркылуу кабарлады. 

Бир жумага созула турган экспедиция маалында ракета Айга 200 чакырым аралыкка чейин жакындап, андан соң Жерге кайтып келет.

Маэдзава өзү менен бирге Айга учууга сүрөтчү, музыкант, модельер жана режиссерлордон турган дүйнөдөгү алты же сегиз искусство ишмерин чакыра турганын билдирди. Азырынча алардын аты-жөнү жана Айга учуу үчүн Маэдзаванын SpaceX компаниясына канча акча төлөй тургандыгы белгисиз.

View image on Twitter

View image on TwitterАйды изилдөө иштери башталгандан бери ал жерге болгону 24 гана адам барып келген. 1972-жылы америкалык «Аполлон-17» миссиясы Айга конгондо, ракетада адам болгон эмес.

Илон Масктын SpaceX жеке космостук компаниясы Айга туристтик учууларды ачканын былтыр февралда жарыялаган. Алгач биринчи жолу Айды айланып учуу 2018-жылга белгиленип, бирок кийинкиге жылдырылган.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Хабиб Нурмагомедов Тина Канделаки менен учурашуудан баш тартты (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful