Templates by BIGtheme NET

Кайрат Кыргыз  талкууга түшкөн ырчы кыз Zere жөнүндө пикирин билдирди (Видео)

 

Кыргыз эстрадасында таң калтырган ырчыларыбыз күндөн-күнгө коомчулукту дүрбөлөңгө салып туруу салтка айланып барууда десек жаңылышпайбыз.  Буга чейин Кайрат Кыргыз “Жаштык кез” аттуу чыгармасынын клиби менен элдин талкуусунда калса эми көп өтпөй Зере аттуу ырчынын  “Кыз” аттуу чыгармасы талкууга түштү. Клипте  кыздар эл каалагандай эмес, өзү каалагандай жашашы керек деген ойду камтыган.  Аталган клип  Ютуб социалдык тармагына жүктөлгөндөн кийин, коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган. Сын айтып кекеткендер, кыргыз эстрадасы өнүгүүдө деп колдогондордон  алда канча көп болууда. Чынын да, кыргыз эстрасынын ушундай багытта өнүгүшүн каалайбызбы? Келечектеги кыргыз эстрадасы ушундай көргүбүз келеби деп капалангандар да арбын. Батыштын маданиятына сиңип ага жуурулушуп кеткенибизде, өз маданиятыбызды кантип сактайбыз, ага мүмкүнчүлүгүбүз да жок болуп калат го деп чакырык таштагандар четтен чыгат.  

Коомчулукка  “Жаштык кез” аттуу чыгармасы менен талкууга түшүп, ачуу-таттуу сөздөрдү уккан Кайрат Кыргыз  Fakt.kgге Зеренин талкууга түшкөн клиби тууралуу пикирин билдирди.

Кайрат кыргыз: “ Бул туурасында айтсам, клиптин коюлган кадрларына, боёкторуна сөз жок. Оператор менен режиссёр клиптин ар бир учурун өтө кооз беришкен. Аткаруучу өзү дагы образды жеткиликтүү бергенге абдан аракет кылганы байкалып турат. Бирок, образды бере алган эмес. Негизи ар бир чыгармада ырдын клибиндеги имиджге көңүл бурбай, ырдын маанисине, обонуна маани бериш керек. Эң башкысы чыгармада кыргыздын  музыкасын, менталитетин, манерасын жоготпоого көңүл бурушубуз кажет. Музыкант катары айтсам, жаңыча бир метод кылам деп аракет кылган. Вокалдык сабаты албетте жок, бирок ошентсе дагы жаштарга айтат элем вокалдан сабак алып коюшса жакшы болмок. Ал эми сөздү эч тартынбастан өзүлөрү жазып алгандай, кара сөз түрүндөгү сүйлөмдөй болуп калган. Акындар менен иштешсе жакшы болмок, негизи эле чыгармачылыкта акындар менен иштешүү абдан маанилүү. Ал эми клипти биз жаңылык катары кабыл алышыбыз мүмкүн, бирок бул андай деле эмес. Клипте режиссёр, оператор жана монтажёрдун  иштеген  иши эле көрүнүп калган. Бирок биз өнүгүп өсүшүбүз керек. Зереге ийгиликтерди калайм!”- дейт ырчы.

Окшош материалдар:  Россияда каза болгон кыргыз жарандарынын туугандары изделүүдө

“Аттың чыкпаса жер өрттө”- деген кыргыз элибиздин таамай айтылган макалы сыңарындай, элибиздин төө чачын тик тургузган өнөрпоздорубузду ким тарбиялайт? Жаштарыбызга туура эмес чакырык таштаган чыгармаларды жарыялап коюп эле жүрө беребиз?!” Кыргыз эстрадасы өнүгүүдө”-  деп алдап.

 

пропорции
пропорции

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful