Templates by BIGtheme NET

Гүлмира  Кудайбердиева эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат

Бүгүн Билим берүү жана илим министри Гүлмира  Кудайбердиева орун басарлары менен биргеликте маалымат жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр билим берүү тармагында бир катар жасалган иштер, көйгөйлөр жана пландалган иштер боюча маалымат берип кетти.   

Бүгүнкү күндө мамлекеттик мектептердеги кадр көйгөйлөрү боюнча Гүлмира Кудайбердиева төмөндөгүгө токтолду.

“Мекемелердин жетекчилеринин профессионалдык сапаты, биздин ишибиздин бир маанилүү багыты. Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңеште ушуга тиешелүү  мыйзам жок, ошондуктан эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Сунушта мектеп, бала бакча жетекчилерин 65 жаш куракка чейин гана иштөөгө уруксат.  Мыйзам өтүп кетсе, анда автоматтык түрдө 20% га жетекчилер өзгөрөт”- дейт министр.

Окуучулар үчүн маанилүү болгон ЖРТнын түзүлүшү боюнча да айта кетти:

“ЖТРга байланыштуу азыркы учурда  көйгөйлүү маселелер болуп жатат. Сынакта мазмуну боюнча компитенттүүлүктүн негизинде түзүлгөн тапшырмалар болуп жатат. Аналогия – бул  эмнеге керек? Бул балдардын    чечим кабыл алуу жана логикалык ойлорун жакшыртат. Быйыл жаңы билим берүү стандарттардын үстүндө иштеп, ушу жылы 5-6 класстарга жаңы окуу китептер менен компитенттүүлүктүн негизинде иштеп чыккан стандарттагы окуу программалардын негизинде китептер иштелип киргизилди.  Ал эми жакынкы аралыкта жогорку класстар үчүн да компитенттүүлүк неизинде китеп иштеп чыгууга тендер жарыяладык”– дейт

Мындан тышкары Гүлмира Кудайбердиева мектеп өзү чыгарып саткан китептер бул мыйзамсыз сатылган китептер деп билдирди.  Жыл сайын аталган министрлик тарабынан  окуу китептердин так тизмеси такталып, буйруктун негизинде бардык мектептерге берилет жана ошол тизме менен иштөөгө милдеттүү дейт министр.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Коомдук кеңештердин стратегиясы талкууланууда

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful