Templates by BIGtheme NET

Токон Мамытов акыйкатчы болуп шайланса, 3 айдан кийин кызматтан кетиш керек

Бүгүн КСДП фракциясы акыйкатчылыкка  талапкерлерди талкуулап жатат. Аталган фракцияны катчылыгына 9 адамдын документтери келип түшкөн. Алардын арасында Токон Мамытов дагы бар.

 

Талкуунун жүрүшүндө депутат Мухтар Айнакулов Токон Мамытовдун талапкерлигине нааразы болуп, депутаттарды бир жыйынтыкка келүүгө чакырды.

Мухтарбек Айнакулов Токон Мамытов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштегенин айтып, эл аралык институттар тарабынан суроо жаралышы мүмкүн экенин эскертти.

“ Бир добуштан чечим чыгарышыбыз керек. Мурда Фарид Ниязов келип эле эмне кылаарыбызды айтып кетчү. Баарыбыз бир добуштан колдоп берчүбүз. Кубат Оторбаевдин талапкерлигин дагы колдоп бергенбиз. Ал бир дагы жолу келип бизге отчет берген жок ”,-жок деди депутат.

Депутат Кожобек Рыспаев Токон Мамытов жакшы адам экендигин белгилеп, “Жок дегенде эки барак программасын жазып, шайлангандан кийин кантип иштээрин айтып берсе болмок”, деди.

“Токон Мамытов 64 жашта. Мыйзам боюнча, омбудсмен болууга 65 жашка чейинки адамдарга уруксат берилген.3 айга шайлагандын кереги барбы? ”,-деди депутат Рыскелди Момбеков.

Тема боюнча:  Феликс Кулов Зере Асылбектин клиби боюнча өз пикирин билдирди

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful