Templates by BIGtheme NET

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңчал чыкты

2018-жылдын 12- сентябрында чегара аймагында жайгашкан Баткен районунун Бакай айылы жана Тажикстандын Исфарин районунун Тажикон айылынын жашоочуларынын ортосунда  жаңжал чыккан. Бул тууралуу  Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

 Маалыматка ылайык, жаңжалдын себеби Тажикон айылынын жашоочулары суу түтүктөрүн орното башташкан.  Аталган аймак мамлекеттик чегаранын жазылбаган аймактарына кирет. Аталган жерде ар кандай айыл-чарба иштерин жүргүзүү тыюу салынган.  Бирок тыюу салууга карабай Тажикстан жарандары иш башташкан. Бул кадам Бакай айылынын жашоочуларын нааразы кылган. Кыргыз жарандарынын талап коюуулары чоң урушка айланган.

Жаңжал жарым сааттан кийин токтотушкан. КР МЧК боюнча Баткен облусу  Тажикстан Республикасындагы кесиптештери менен чегара өкүлчүлүк жолугушуусун өткөрүштү, жолугушуу учурунда  жергиликтүү жашоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашышты.

Азыркы учурда чегара аймагындагы жашоочулар менен КР Баткен районунун жана ТР Исфарин районунун акимдери жолугуп жатышат. КР жана ТР нын ортосунда облустук деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. КРнын МЧК кыргыз-тажик аймагындагы кырдаалдары көзөмөлдөп жатат, Баткен облусу боюнча аскер бөлүктөр күчөтүлгөн  режимде иштешүүдө.

fakt.kg

 

Тема боюнча:  Кыргызстандык кыздарды сойкулукка мажбурлаган Азербайжандын жарандары кармалды (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful