Templates by BIGtheme NET

Көчмөндөр оюндарында байгелердин акчасын ким жеген…

III Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өткөрүлгөн оюндардын жеңүүчүлөрү акчасын толук ала албай жатышат. Бул тууралуу Кадыр Кошалиев билдирди.

“Той болот,тойдун эртеси болот”-дегендей Бүткүл дуйнөлүк көчмөндөр оюну ийгиликтүү аяктаганы жакшы болду. Эл да тике туруп намыска жарады. Бирок, да мамлекеттик деңгээлде 6-сентябрь күнү Кырчында жыйынтыкталганда белгиленген сыйлыктарды түшүнүксүз себептер менен кыскартуулар болгондугу дайын болду. Мисалы: каада-салт номинациясы боюнча “Кыргыз жолу” коому 3-орунду ээлеп, 70 миң сом сыйлык ыйгарылгандыгы жөнүндө, Сертификат колубузда тургандыгына карабастан калыстар тобунун жаңы Протоколунун негизинде 40 миң сом каралыптыр. ал эми боз үйдүн жасалгаланышы боюнча ыйгарылган 30 миң сом негедир 10 миң сомго чейин кыскартылыптыр.
Бир эле биз эмес сынакка катышкан 7 облус, 2 шаар анан 4 коомдук уюмдарына ( “Кыргыз жолу”, “Ала Тоо айымдары”,”Кийиз дүйнө”, “Сары Өзөн коомдору) ыйгарылган сыйлыктар ушундай эле кыскартууларга дуушар болгон.
Ал эми Өкмөт тарабынан ар бир катышкан 13 тараптын баарына жигердүү катышкандыктары үчүн берилмек болгон 150 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыктын маселеси али чечиле электигин Маданият министрлигинин өкүлдөрү кабарлашты.

На данном изображении может находиться: текст

Автоматический альтернативный текст отсутствует.
Ушундан улам ойго келесиң, кепке туруу эки адамдын ортосунда мындай турсун мамлекеттин масштабында да сакталбай калган мезгилде жашап калганбыз го. Дүйнөлүк тажрыйбада сыйлыктар токтоосуз, убагына так берилет.Бизде кечиктиргени аз келгенсип, жарыяланган сумма менен берилген сумманын ортосунда олчойгон айрманын болуп жатышы Өкмөт, анын ичинде Маданият, маалымат жана туризм министрлигине аброй алып келбейт!
Кеч болсо да оңдолгон ката ката эмес дегендей, билермандар, бийликтин бийик сересинде олтургандар оңдоп коюшар”,-деп билдирген Кадыр Кошалиев.

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

На данном изображении может находиться: текст

На данном изображении может находиться: текст

fakt.kg

Тема боюнча:  Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирген шектүү  жаран кармалды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful