Templates by BIGtheme NET

Коррупцияга айыпталган мектеп директору кызмат ордун которду

Кечээ Бишкектеги  №95 мектептин директору Анара Акмашеваны директорлук кызматынан  алгандан кийин, мектептеги мугалимдер нааразычылык акциясына  чыгышкан.   Ызы-чуу жараткан маселе боюнча вице-мэр Асель Куламбаева кечээ массалык маалыматтар каражаттарынын өкүлдөрүнө берген билдирүүсүндө: “ Аталган мектептин директоруна 30га жакын акча талап кылынган деген ар кандай айыптоолор боюнча  доо-арыздар түшкөн. Арыздардын негизинде комиссия түзүлүп, ротация жолу менен директорду №40 мектепке которуу боюча чечим кабыл алышты”- деп билдирди.   

    

Вице-мэрден комиссиянын директорго карата чечимин укканда, таң калып, чочуп да кетесиң, “бул кандайча?”- деген ой келди. Директорго ушунча арыз түшүп жатса, болгондо да коррупциялык иштерге  катышы бар деп шектелсе да. Башка мектептин директорлугуна которбой, териштирүү иштерин жүргүзүү максатында, иш козгошпойбу? Комиссиянын ушундай чечимин кандай түшүнсө болот?! “Орун алмашкан менен сумма өзгөрбөйт”- дегендей, директорду ал жакка алып барган күндө деле, ошол кызматында калып жатпайбы? Башка мектептин директорлугуна койгон күндө да, андай иштен алыс болот деп ким кепилдик берет.  “Көнгөн адат калабы”-  дегендей ал жактан деле өз кызматынан пайдаланып коррупциялык иштерге барса,  кайра комиссиянын чечими менен башка мектепке которуп коёбузбу?

Бул маселе боюча ЖК депутаты, социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин мүчөсү Тазабек Икрамовго кайрылганыбызда ал: “Ротация боюнча Жогорку Кеңеште  маселе көтөрүп чыккам. Ар беш жылда же алты жылда ротация болуп туруу керек. Ушул маселени койбосо коррупциялык системалар боло берет. Эгер мыйзам бузуулары болсо сотко өткөрүп  же кызмат ордунан кетирүү керек. Дагы бир жагдай, маселе канчалык деңгээлде такталып, иликтенгендигин , доо арыздардын канчасы мыйзам бузууга жаткандыгын аныктоо зарыл. Ошондон кийин тиешелүү чараларды көрүү керек”- дейт.

Бул чечим канчалык деңгээлде калыс чечилгенин, маселе боюнча түзүлгөн комиссия гана билбесе, калганыбызга табышмак.

Тема боюнча:  Каракол шаарынын мэри  кызматтан алынды

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful