Templates by BIGtheme NET

Жогорку Кеңеште Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу маселеси көтөрүлдү

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент  Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси ушул күнгө чейин бериле электигин айтып чыкты.

“ Алмазбек Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” мамлекеттик наамды берүү боюнча жарлыктын чыкканына бир жыл болуп калды. Бирок, ал наам расмий түрдө бериле элек”, деди Ирина карамушкина.

Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө алардын милдетине кирбестигин билдирди.

Эскерте кетсек,  Президенти Сооронбай Жээнбеков инаугурация салтанаты учурунда биринчи жарлыгы Алмазбек Атамбаевге “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу болоорун билдирген.

Президентин биринчи жарлыгы менен Элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн, Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Зууракан Каденова кайрадан ызы-чуу чордонунда

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful