Templates by BIGtheme NET

Айбек Исаев: “Тарбияны ар бирибиз өзүбүздөн жана уул -кыздарыбыздан баштасак”

Бир жумадан бери Президент Сооронбай Шарипович Жээнбековдун мечиттер боюнча айткан сөзү талкууга алынып жатат. Менин жеке көз карашым боюнча учурда коомчулук арасында байлыкты алдыңкы планга коюп, ага манчырканып, ачкөздүктү туу туткандар, уурулар, жүрөгүндө ыйман менен адептүүлүк жашабай калгандар көбөйүп баратканы чындык. Билими өтө жогору, интеллекти бийик, бирок адамдык сапаты жоктор арабызда арбын. Өз сөзүндө президентибиз жалпы өсүп келе жаткан жаштарыбызды жана коомчулукту адамга тиешелүү мыкты сапаттарга ээ болуусуна чакырык жасады. Анын эмнеси жаман? Ар бир айтылган сөздүн түпкү маанисин анализдегенди үйрөнсөк. Дин албетте саясаттан тышкары болуш керек, өлкөбүздүн айрым жерлеринде мектеп окуучуларына хиджап менен жоолукту ата энелер өздөрү мажбурлаган учурлар бар. Дамбал -шалбарларды кийип, төрт сакалды коюп алган, хиджапты кийип алып, жүрөгү муздай болгон жаштарыбыз көбөйүп баратканын жашырууга мүмкүн эмес. Мен ушундай жыйынтыкка келдим, кеп кийимде, сакалда эмес, кеп жан дүйнөнүн тазалыгында. Жан дүйнөнү тазалыкка алып келе турган адабият, каада-салт менен үрп-адат, макал-лакаптарыбыз абдан көп. Президентибиз айткан сөздөн жыйынтык чыгарып, тарбияны ар бирибиз өзүбүздөн жана уул -кыздарыбыздан баштасак.

fakt.kg

Тема боюнча:  Пенсионерди салбай кеткен айдоочунун жетекчиси кечирим сурады (Видео)

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful