Templates by BIGtheme NET

Аскер комиссарынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды (Видео)

 Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аскер комиссарынын орун басары пара менен кармалганын билдирди. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү жашоочудан Ысык-Ата райондук аскер комиссариатынын кызматкери ден соолугуна байланыштуу кызмат өтөөгө жараксыз болгон баласын “армияга чакырам” деп коркутуп, 25 миң сом талап кылганын айтып, арыз менен кайрылган.

Финпол чогулткан материалдардын негизинде Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 304 (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”), 313-беренеге ылайык (“Пара талап кылуу”) кылмыш ишин козгогон.

12-сентябрда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ысык-Ата райондук аскер комиссарынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланды.

fakt.kg

Окшош материалдар:  Илим Карыпбеков ырчы кызга болушам деп сынга кабылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful