Templates by BIGtheme NET

Кыргызстанда “курсак байлаган байларды” издеген жаш кыздар көбөйдү

Кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз элинин, ата-бабадан  урпактарга өткөрүп келе жаткан урп-адаттары, каада-салттары арбын десек болот. Алардын бири жесир калган келинди, төркүнүнө кетирбестен, кайнагасына же кайинисине аялдыка же токолдукка алып беришкен. Бул элибиздин келген келинди кетирбөөгө бөгөттөлгөн принцибтеринин бири болгон. Жогоруда айтылган принциптер тагдырдын бир сыноосу дейбизби же тамашасы дейбизби айтор ошол нерсеге, учурдун коому баш ийип келишкен. Ата-бабаларыбыздын мындай кадамдарын аял кишинин жаман жолдордон, жаман сөздөрдөн , тирүүлүктүн азап тозогунан сактоо үчүн деп түшүнсөк болот. Себеби күйөөсү жок аялдын ишенген, таянган  кожосу жок, балдарына тарбия берүүчү атасы жок түйшүгү оорлойт. Бул мыйзам өз учурунда көптөгөн алядардын, балдардын өз жеринде бакубаттуу турмушта жашоосуна шарт түзгөн. 

Убакыттын өтүшү, замандын өзгөрүшү элибиздин бир топ турмуштук эрежелерин, баалуулуктарын  өзгөрттү. Мындай жаңылануу кыргыз элинин жашоосун түп-тамырынан бери  өзгөртүп, батыштын агымы менен агып бара жаткандайбыз.

Акыркы күндөрү коомубузда болуп жаткан көрүнүштөрдүн бири, жүрөктү  өйүтүп, көп ойлонттура баштады.

социалдык тармактардагы группаларда, блоктордо кыздарыбыздын финансылык жактан каржылоо үчүн мырзаларды, тактап айтканда “папик” издейм деген билдирүүлөрдү анонимдүү түрдө байма-бай калтыргандарын көрсө болот. Андан тышкары мырзалар деле кем калбай “любовница” издейм деп, өзүлөрүнүн талаптарын жазып билдирүү калтырышат. Инстаграмм социалдык тармактарындагы группалардын бириндеги калтырылган билдирүүнү мисалга алсак: “Жашым 20да. Кызмын. Кыскача айтсам демөөрчүлүккө “папик”издейм. Кыздык абийиримди саткым келет. Ообо, мен ошентип чечтим. Бул менин жашоом, менин денем, баардыгын өзүм чечем. Комментарийлерге кандай жазып сындасанар да мага баарыбир. Эмнеге мындай чечимге келди деп ойлоп жатсаңыздар, жашоого, контрактка  акча керек. Бул акыры боло турчу нерсе го, аны бекер кайдагы балага бергичекти, акчага сатууга мүмкүнчүлүк болуп жаткандан кийин сатууну чечтим. Кыскасы демөөрчү издейм. Сиздер менен байланыш үчүн комментарийге өздүк маалыматтарыңарды калтыргыла”– деп жазган. Келечек ээлеринин, болочоктогу энелердин ушундай кадамдарга барып жаткандыгы аянычтуу. Балким алар жаштыктын жалыны менен, терең ойлонбой, жеңил ойлуулукка барып жатышкандыр. Келечекте кесепети кандай болоорун эч ойлонушкан жок. Жаштыгында жогорудагыдай кадамга барып алып, өксүп өкүнүп отурган бир айымды тааныйм. Турмуштун жолуна аттанууга бышып, жетилип турган чагында, бай чиновниктин кайырмагына илинип калат. Жашоонун кызыгын эми көрүп баштадым деген кыз учурунда бардык нерсеги кайыл болуп, ойлонбостон даяр акчага жыргап-кунап жүрө берет. Бардык нерсени токтотууга мүмкүн болсо да, убакытты токтотууга мүмкүн эмес экенин учурунда баамдай албай калган. Ортодо билинбей бир топ убакыт өтөт. Жашы ортолоп калса да үй-бүлөсү жок, кадимки аял кишиге берген бакыттан да куру, тагдырдын катуу бир соккусунда калгандай абалда жашап жүрөт. Ишеним артып жаткан кишиси төрөшүнө тыюу салып, кызыгы тараган соң бактысыз кылып таштап кетти. Буга окшогон окуяларга сан жеткис, биз билбеген канча нерсе бар. Мырзалардын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам канча деген эже-сиңдилерибиз жапа чегүүдө.

Тема боюнча:  Жалал-Абад шаарына келген инвестициянын көлөмү өстү

“Папиктер” эч качан кызга анын келечеги үчүн кам көрүшпөйт. Себеби, эң башкысы ал эч качан жоопкерчилик алган эмес, болгону күнүмдүк кумарга батып турууга сулуулугун, жаштыгын акча берип колдонду.

Темага байланыштуу коомубуздагы кыздардын мындай кадамдарга барышына эмне түркү болуп жаткандыгын билүү максатында психолог Бермет Наралиевага кайрылдык: “ Бүгүнкү күндө кыздардын жеңил ойлуулукка барышы, жеңил акчага азгырылышынын бирден-бир себеби финансылык муктаждык деп ойлойм. Бирок бул маселени бир тараптуу деп айтууга болбойт. Туура жолду тандап алууга, жаман жолдордон кайтарууга мүмкүн болгон тарбия берүү идеологиясы комплекстүү ылайыкташууну талап кылат. Илимдердин доктору  Ч. Шакееванын изилдөөсүнө таянып айтсак, рыноктук, экономикалык шартта, кайра куруу учурундагы адамдардын баалуулук оринтациясы эмнеге багытталган дегенде эң негизги бир себеби экономикалык, финансылык көзкарандылык  деп тастыкталган. Акча маселеси турган жерде кээ бир жаштар бардык нерсесин сатып жибергенге да даяр болушат. Эми бул ар бир адамдын баалуулугунан, тарбиясынан болот. Баардыгы ушундай көз карашта деп айтууга такыр болбойт. Кээ бир кыздар өз багытын туура аныктап, теңин күткөндөр да бар”-дейт.

Коомубуз канчалык деңгээлде өзгөрбөсүн салттык, диндик талаптарды дайым бекем  тутуу абзел. Мындай эрежелерге баш ийүү менен коомду туура жолго салууга, тарбиялоого мүмкүнчүлүктөр арбыйт.

fakt.kg

 

 

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful