Мекендештерин сүзгөн Бекжанды 10-15 чакты адамдар сабаган (Видео)

22

2018-жылдын 9-сентябрда Москва шаарынын Новочеркасский бульварында унаасы менен мекендештерин сүзүп кетке Кыргыз жараны 2 айга камакка алынды.

Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, дагы бир адам каза болгон. Унаа адамдар өтүүчү өтмөктөн эки адамды сүзүп, андан ары жолдон чыгып өтмөктөн өтүүгө даярданып турган адамдарды барып сүзгөн.

Мекендештерин сүзүп кеткен жаранды 10-15 чакты адамдар сабап салышканы видеокамерага түшүп калган. Андан соң алардан өч алуу максатында сүзүп кеткен.

Кырсыктан жалпысынан 11 адам жабыркап, 1 адам каза болгон.

Маркум А.у.А. 1997-жылы туулган, кылмышка шектүү Бекжан С. менен жаңжалга катышкан деп айтылып жатат. Жабыркагандардын тизмеси: Абдикарим уулу М., 1998-жылы туулган, ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу, бүгүн үйүнө чыгарылышы мүмкүн. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат. Абдрахманов Р., 1993-жылы туулган, абалы оор бойдон. Жаңжалга катышкан эмес. Ошол учурда карындашы Жеңишбекова К. менен бирге жүргөн. Абдурасулов С., 1997-жылы туулган, абалы туруктуу, жаңжалга катышкан эмес. Ооруканадан чыгарылды. Аманалиев Б., 1997-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат. Арстанова Н., 1988-жылы туулган. Абалы туруктуу. Эки күндөн кийин ооруканадан чыгарылышы мүмкүн. Жамшит уулу О., 1998-жыл туулган. Абалы туруктуу. Кылмышка шектүү Бекжан С. менен чырдашкан деп айтылып жатат. Жеңишбекова К., 2001-жылы туулган. Жашы жете элек болгондуктан балдар хирургиясына жеткирилген. Абалы туруктуу. Ооруканадан чыгарылды. Зулпиев Р., 1994-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда. Руслан уулу М., 1996-жылы туулган. Абалы оор бойдон калууда. 25 жаштардагы белгисиз дагы бир адам жаракат алган. Анын аты-жөнү такталып жатат. Абалы оор бойдон калууда.

https://www.youtube.com/watch?v=5Clfcw-H1Vw

fakt.kg

Бөлүшүңүз