Templates by BIGtheme NET

Африкада Россиянын журналисттерин өлтүрүп кетишти

Борбордук Африка Республикасында Россиялык үч журналистти өлтүрүп кетишкен.  Бул тууралуу «Дождь» телеканалы Михаил Ходорковскийдин «Иликтөөлөр борборунун» булактарына таянып кабарлады.

Журналисттер анда «Вагнердин жеке аскердик компаниясы» тууралуу документалдуу тасма тартып жүрүшкөн.

Орхан Жемалдын каза болгонун Би-би-сиге «Иликтөөлөр борборунун» башкы редактору Андрей Коняхин менен журналисттин досу Максим Шевченко ырастады. Коняхин РБК басылмасына журналисттер Борбордук Африка Республикасына ишемби, 28-июлда барышканын айткан.

«Акыркы жолу алар менен 26-июль кечинде байланышка чыкканбыз. Азырынча аларга эмне болгондугунун чоо-жайын билбейбиз», — деди Коняхин.

ашка бир булак чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулганын билдирүүдө. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful