Templates by BIGtheme NET

Ысык-Көлдө 5 баланын атасы 83 жаштагы аялды зордуктоого шектелүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Тамчы айылында 50 жаштагы жаран 83 жаштагы аялды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 26-июлда болгон. 50 жаштагы Оштун тургуну 83 жаштагы карыянын үйүнөн бөлмөнү ижарага алып  эс алып жүргөн. Милицияга арыз менен жабырлануучунун келини кайрылган.

Анын айтымында, ал бөлмөгө киргенде кылмышка шектүү аялдын үстүндө жаткан. Туугандары аны сабап, милицияга өткөрүп беришкен.

Жабырлануучу менен кылмышка шектүү чогу спирт ичимдигин ичишкендиги белгилүү болгон. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Анын аялы жана 5 баласы бар экендиги аныкталды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы күтүлүүдө.

Окшош материалдар:  Күйөөсү бычак менен кесип, сабаган келин балдарын күйөөсүнө бергенге даяр

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful