Templates by BIGtheme NET

Ынтымактуу эмгектин жемиши

 Рашит Бостонов, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы.

Кыргызстандагы ири өнөр жай ишканасы болгон «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коому үчүн 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы ийгиликтүү болду. Ар бир ай өткөн жылдын деңгээлинен бир кыйла жогору көлөмдө  нефть өндүрүү менен жыйынтыкталып олтурду. Демек,  жаралган жетишкендиктер «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов баш болгон адистер менен ысык-суукка карабай эмгектенип жатышкан нефтичилердин баа жеткис эмгегинин жемиши  десек болот. 

 Айта кетсек, Союз учурунда 1991-жылы кыргыз  нефтичилери 142 миң тоннадан ашык нефть өндүрүшкөн. Буга азыр да мүмкүнчүлүк бар. Рашит Бостонов аталган мекемеге жетекчиликке келген күндөн тартып,  өндүрүштү көтөрүү менен ошол кездеги деңгээлге жетишүү үчүн аракеттерди жасай тургандыгын белгилеген. Бул үчүн нефть скважиналарынын  нефть берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багытында  жаңы ыкмаларды колдонуу зарылдыгын айткан. Натыйжада, жетекчиликтин иш билги уюштуруучулугу менен нефть өндүрүүнүн көлөмү өткөн жылдан бир топ жогорулады. Бүгүнкү күндөгү өндүрүштүн  ыргактуу темпине караганда 2018-жылда 130 миң тоннадан кем эмес нефть өндүрүүгө негиз бар.   Муну үстүбүздөгү жылдын  биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары ачыкка чыгарды.

 Эгерде 2017-жылдын 1-майына карата мекеменин эсебинде 78 миллион 765 миң сом болсо, 2018-жылдын  30-июнуна чейин  668 миллион 236 миң  сом  акча каражаты бар.

Жетишкен ийгиликтер жана анын негизги себептери туурасында адистердин пикирине таянсак негиз болчудай

Таалай Рысалиев, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын каржылык маселелер, сырткы экономикалык байланыш жана инвестиция боюнча орун басары.

-Жетишкен ийгиликтердин жаралышына жетекчилик тарабынан нефть өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, өндүрүштү туура уюштурууга, кошумча түрдө жаңы ыкмаларды колдонууга бирдиктүү жасалган аракеттер негиз болду.   Кытайлык инвесторлор менен иштешүүнүн да оң таасири бар. Иштеп жаткан  нефть, газ кудуктарынын өндүрүмдүүлүгүн  жогорулатууга умтулдук. Кошумча дагы нефть чыкпай токтоп турган качалкаларды иштетүүгө  каражат сарптап, жаңы ыкмаларды пайдаланууга  жетиштик. Мындай аракеттер «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна пайда алып келди. Албетте мында Рашит Абдумаликовичтин жетекчиликтеги эмгеги чоң.

Окшош материалдар:  Баткенде аялы күйөөсүн балталап салган

Ушул тапта биз кошумча нефть, газ булактарын таап, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү жана кайра иштеп чыгарууну өркүндөтүү багытында  инвестиция тартуу багытында ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүп жатабыз. Буюрса, «Кыргызнефтегаз» жакынкы аралыкта  мындан ары дагы өнүгүүнүн ири кадамдарын жасайт баштайт.

Бурканбек Темирбаев, Каржы директору.

–  Жарым жылдыктын жыйынтыгы да жакшы ийгиликтерди көрсөттү. Цифраларга токтололу. Товардык продукция өндүрүүнүн көлөмү  суммалай эсептегенде 859 089,2 миң сомдун ордуна 1  159 003 миң сомду түзүп,  алты айдын көрсөткүчү 134,9 пайызга жетти.  Ал эми былтыркы жылдын жарым жылдыгына салыштырганда өсүү темпи 145,3 пайызды түздү. Анын ичинен  1 185 187,1 миң сомдук  продукция реализацияланды, өсүү темпи 157,9 пайызга айланды.  Демек, 2017-жылдын алты айынын деңгээлине салыштырганда жогорку көрсөткүчтөр жаралды.

2018-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы финансы чарбалык ишмердүүлүктүн жардамы менен 365 миллион сомдук  баланстык  киреше таптык. Бул көрсөткүч планга салыштырмалуу 153,3 пайызды түзөт. Ушуга байланыштуу нефтичилерге кошумча эмгек акы төлөп бердик, ошону менен бирге алардын 13-эмгек маянасын өткөн жылдан эртерээк берүүгө жетиштик. Акционерлерге 2017-жылдын жыйынтыгы менен төлөнүп бериле турган 146,9 миллион сом дивиденттин 100 миллион сомун төлөп берип койдук, калганын 10-августка чейин төлөп беребиз.

Айзада Баратова, Башкы эсепчи.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгын да мурдагы жылдын карыздарын кошо төлөп, кийинки айларга таза барганбыз. 2018-жылды карызсыз баштап, биринчи жарым жылдыкты жакшы көрсөткүчтөр менен аяктадык. Биздин мекеме Ноокен районунун бюджетине  ири өлчөмдөгү каражат берет. Ай сайын  салык үчүн 50 миллион сом, соцфондго 14,5 миллион сом төгөбүз. Алты айдын жыйынтыгы менен  250,1 миллион (136,7 пайыз) сомду салыкка, 96,6 миллион (104 пайыз) сомду соцфондго төлөп, белгиленген планды ашыгы менен аткардык. Бул  жетекчилик менен адистердин биргелешкен ынтымактуу эмгегинин жемиши деп айтсак, аша мактангандык эмес чыгар.

Нурлан Абылов, Нефть, газ өндүрүү башкармалыгынын башчысы.

Окшош материалдар:  Бишкекте алдамчылыкка шектелип эки кыз кармалды

-Биздин башкармалыкта азыр 40тан ашык кесиптин  ээлерин бириктирген 700дөн ашуун адам иштейт.  Бир да мүнөт жумуш токтобой жүрөт, мындан айтайын дегеним нефть, газ качалкалары үзгүлтүксүз иштетилип,  бир нөөмөттүн иши аяктаса, аларды экинчи нөөмөттөгү  нефтичилер толуктап, жумуш эки нөөмөт менен жүргүзүлөт. 2018-жылдын алты айындагы жетишкендиктер үчүн биздин башкармалыктын нефть өндүрүүчүлөрүнүн салымы  чоң десем болот. 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында 41 416,1 тонна нефть өндүргөнбүз, ал эми быйыл алты айда 56 468,3 тонна нефть алынды. План боюнча 43 520 тонна нефть алуу белгиленген. Же өсүү темпин 136,3 пайызга камсыз кылдык. Бул оңой жумуш эмес, нефтичилердин кышкы суукка, жазгы жамгырга, жайдын ысык аптабына карабай тынымсыз иштеген натыйжасы десек болот. Ал эми 14 196 миллион куб газ өндүрүлүп, өсүү темпи 99,6 пайызга айланды.  Планга бир аз жетпей калдык, себеби Майлуу-Суу электр лампалар ачык акционердик коому келишим боюнча белгиленген газды албай калышты.

 

Анатолий Акимбеков, Кендерди иштетүү бөлүмүнүн башчысы.

–  ГРП,  бул өтө ыңгайлуу жана пайдалуу ыкма, ал көп каражатты талап кылат.  Союз учурунда  аз нефть алынып жаткан  скважиналарда жер катмарын суу менен жардырып, нефтиге жол ачуу менен өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө аракеттерди жасап келишкен. Каражаттын тартыштыгынан кийинки мезгилде  бул ыкма  колдонулбай калган. Ал эми кийинки мезгилдерде  кытайлык инвесторлор колдонуп,  бирок, пайданы өздөрү көрүшкөн.  Рашит Бостонов «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомуна жетекчиликке келгенден тартып, ГРПны өзүбүз жасап,  анын пайдасын өзүбүз көрөлү  деп демилге көтөрдү. Анын негизинде  ири суммадагы каражат табылып,   нефтини аз  берген 25 скважинага ГРП жасоо ийгиликтүү ишке ашты. Бул скважиналар ага чейин суткасына 12,6 тонна нефть берип келген болсо, азыр суткасына 60 тонна нефть берет. Ошентип,   бул ыкманы колдонуу ийгилигин берди.  Бул  ГРП жасалган скважиналардан мурдагыга караганда  47 тонна  ашыкча нефть алынып жаткандыгын ырастайт. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин   бул табылганын негизинде бардыгы болуп, 1300 тонна нефть өндүрүлдү.

Орозбек Нурумбетов, Кыргыз бургулоо иштер  башкармасынын башчысы.

Окшош материалдар:  Россияда массалык мушташка кыргыз жарандары катышкан эмес

-Биздин бургулоо иштер башкармалыгынын бургулоочулары үчүн өткөн жылдар бир топ татаал жыл болду. Былтыркы жылдын ушул мезгилинде обсаддык башкача айтканда жабуучу эксплуатациялык колонналардын тендер аркылуу келиши кечеңдеп, анын натыйжасында бургулоо жумуштары жүргөн эмес.  Быйылкы жылы бул маселе оң жагына чечилгендиктен  бургулоо иштери жүрүп, анын натыйжасында  бүгүнкү күнгө 4974 погондук метр  жер катмары бургуланды. Азыркы күндө обсаддык колонналардын келиши күтүлүүдө. Анын келиши менен дагы бургулоо жумуштары илгерилей баштайт.

Союз учурунда 1991-жылы кыргыз  нефтичилери 142 миң тоннадан ашык нефть өндүрүшкөн.  «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун  башкармалыгынын төрагасы Рашит Бостонов жетекчиликке келген күндөн тартып, мына ушуну эске алып, союз кезиндеги деңгээлге жетишүүгө азыр  да мүмкүнчүлүк  бар экендигин  белгилеген. Быйылкы жыл 130 миң тоннадан ашык нефть  алынат деген ишеним бар. Демек, нефть, газ өндүрүүнүн көлөмүн  дагы да жогорулатуу керек. Бул үчүн өндүрүштү  заманбап технология менен жаңылоо үчүн инвестиция тартуу зарыл.  Бул багытта эмгек жамааты ынтымак жана биримдик менен менен   иштешип,  өнүгүүгө карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатат.

Даярдаган:  Мубара Абдилатипова, «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун коомдук байланыштар боюнча менеджери.

fakt.kg

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful