Ысык-Көлгө чөгүп кеткен юристти издөө иштери токтотулду

23

Ысык-Көлгө чөгүп кеткен 42 жаштагы юрист Александр Стручалинди издөө иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Стручалинди издөөгө күнүнө эки куткаруу тобу тартылып жаткан. Бирок натыйжа болбогондуктан жакындары куткаруу тобуна ыраазычылык билдирип, издөөнү убактылуу токтотууну демилгелешкен. Эгерде кайрадан кайрылышса издөө улантылат.

Эске салсак, 23-июль күнү Жети-Өгүз районундагы “Натали” пансионатында  42 жаштагы Александр Стручалин аттуу адам сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшүп, издөө аракеттери башталган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз