Сот Албек Ибраимовду камакта калтырды

42

Бишкек шаардык соту экс-мэр Албек Ибраимовду камакта калтырды. Мындай чечимди бүгүн, 30-июлда Бишкек шаардык соту кабыл алды.

Сот Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесаревдун Биринчи май райондук сотунун тергөө изоляторуна камоо боюнча чечимине болгон арызын карап чыккан.

Соттук коллегия райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырып, Албек Ибраимов УКМКнын тергөө абагында 29-августка чейин калмай болду.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз